Орусиянын Оренбург облусунда эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу маалымат 17-августта Орусиянын ички иштер министрлигинин аталган облус боюнча башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды. Андагы маалыматтарга караганда, ал адам Кыргыз жеринде жасаган алдамчылык аракети менен эл аралык издөөдө жүргөнү үчүн кармалды. Ал Оренбургдагы базарлардын биринде иштеп жүргөн. Расмий маалыматта кармалган адамдын аты-жөнү жана канча жашта экендиги көрсөтүлгөн эмес.
Учурда Кыргыз жараны өткөрүп берүү абак жайында кармалууда. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, жакынкы аралыкта депортацияланып, Кыргыз жерине өткөрүлүп берилет.