Чүй облусундагы Кайыңды шаарынын 27 жаштагы тургуну өзүнөн 10 жаш улуу жигитинин досу тарабынан зордукталып, сабалганын айтууда. Жабырланган кыз 20-августта SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, окуя 17-август күнү Чалдыбар айылында болгон.
"Мен Ысык-Көлдөн Кайыңды шаарындагы үйүмө келе жатканымда сүйлөшүп жүргөн жигитимдин И аттуу досу телефон чалып Чалдыбар айылына чакырды. "Бара албайм, телефонум өчкөнү жатат" дегениме карабай барууга мажбурлады. Жигитим үчүн бардым. Кеч кирип калганда "үйгө жеткирип койгула" десем, "биз мас болуп калдык, жеткире албайбыз" деп баш тартып коюшту. Андан кийин жигитимдин бөлмөсүнө кирип жатып алсам, ал мени чечиндирип коюп чыгып кетти. Анын артынан досу кирип келип буту-колумду кармап зордуктап салды. Таң атып калганда ал жер дан сактоочу кампа болгондуктан дарбазасынан чыга албай дубалдын тешигинен чыгып кеттим. Бирок кир жуучу машинага салып койгон кийимдеримди унутуп калып кайра кирсем, мени зордуктаган бала "документтер кайда?" деп мени жулкуп кирди. Кайсы документтер экенин түшүнгөн жокмун. Кечинде дагы менин артымдан бир кыз келген. Ал менин жигитиме келген кыз экен. "Документтериңди алып алды" деп ошол айтыптыр. Сумкамды текшертип албаганымды далилдегенге аракет кылдым. Кийин сыртка чыгарып эле жигитимдин унаасына отургузуп алып, тоо тарапка алып барды.
Жолдо баратканда улам-улам колу менен уруп жатты. Баргандан кийин "документтерди кайда каттың, айт?" деп туруп алды. Кайра алып барсаң документтерин таап бере турганымды айтсам, кайра унаага салып алып келатканда элди көрүп жардам сурап кыйкырдым. Жолдо эптеп унаадан түшүп калып аймактык милицияны чакырттым. Бирок унаада сумкам калып калгандыктан кайра жанагы үйгө барып, жигитимдин гитарасы менен телевизорун, досунун унаасынын терезесин талкалап салдым. Ошондон кийин алар менин үстүмдөн арыз жазып салышыптыр. Мен дагы алар сабаганын айтып, арыз жазып бердим. Учурда Панфилов айылындагы ооруканада жатам. Милиция кызматкерлери келип экспертизага баруу керектигин айтып жатышат, азыр барам", - деп айтып берди жабырлануучу кыз.
Облустук милиция жогорудагы окуя катталганын тастыктап, эки тараптан арыз келип түшкөнүн билдирди.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угууга даяр. Учурда алар менен байланышуу аракети көрүлүүдө.