Жайкы Азия оюндары: Рустам Ибрагимов ушу-саньда боюнча мелдештин чейрек финалына өттү

Кыргыз спортчусу Рустам Ибрагимов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты.

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеш старт алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Авазбек Аманбеков, Рустам Ибрагимов жана Канатбек Абдуганиев катышууда.

Рустам Ибрагимов 60 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, алгач казакстандык Алмаз Дюшеев менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз мушкери 2:0 эсеби менен жеңишке жетип, чейрек финалга өттү.

Айта кетсек, Авазбек Аманбеков 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып Гонконгдун спортчусу Лам Ман Кандын үстүнөн жеңишке жеткен.

Ал эми Канатбек Абдуганиев азырынча беттеше элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-08-20 21:04:38
Азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан