Жайкы Азия оюндары: Балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин жарым финалына чыкты.

Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күрөшүп, чейрек финалда индиялык Киран Киран менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы 4 упай топтосо, атаандашы 2 упай алганга үлгүрдү. Муну менен Айпери Медет кызы жеңишке жетип, жарым финалга өтө алды.

Буга чейин Айпери Медет кызы жарым чейрек финалда индонезиялык Ридха Ридванды 12:0 эсебинде утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Romantik.
2018-08-21 14:10:29
Мээрим, Каныбек, Айпери, уже жарым финал да. Амантур утулуп калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан