Жайкы Азия оюндары: Каныбек Жолчубеков алтын медаль үчүн япониялык Ота Шинобу менен кез келет

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча мелдештин финалына өттү. Эми ал алтын медаль үчүн япониялык Ота Шинобу менен беттешет.

Ота Шинобу Рио-2016 Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, Азия чемпиону жана бир нече ири мелдештердин жеңүүчүсү. Жалпы эсепте Шинобу 6 алтын, 5 күмүш жана 4 коло медалдын ээси.

Жолчубеков менен Шинобу буга чейин 1 жолу кездешкен. Анда япониялык балбан жеңүүчү болуп чыккан эле. Бул беттеш март айында Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда болгон. Жолчубеков алгачкы эле беттешинде Ота Шинобу менен кез келип, Шинобу беттештин соңуна 1 мүнөт калганда таза жеңиш менен утуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aibek8992
2018-08-21 16:32:01
Уйдо конокту сыйлап койгон экенсин эми энесин таанытып кой кыргызымдын кыраан жигити!
+6
Alpengold.
2018-08-21 16:32:35
Ээми утсун жигит.
+1
Romantik.
2018-08-21 16:34:33
Лондон-2016 же Рио-2016бы?
+1
Ali-han
2018-08-21 17:30:37
Romantik.,Лондон 2012 рио 2016
+1
Kubat77
2018-08-21 18:16:13
жениш каалайбыз !!!
+1
Mehazahn57
2018-08-21 19:06:20
Акжол барган эмесби?
0
kyialreal
2018-08-21 19:22:03
Алла колдосун коз тийбесин балбандарыбыз четинен байгелуу болушуп жатат. Алга Кыргызстан
0
bond02
2018-08-21 20:55:51
Ийгилик бирок япондор аябай тарамыш болушат да, матч реванш болот экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан