Жайкы Азия оюндары: Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова жаа атуу боюнча мелдеште 34-орунду ээледи

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жаа атуу боюнча Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова 34-орунду ээледи.

Бүгүн, 21-августта Жакарта шаарында жаа атуу боюнча мелдештер старт алып, анда Кыргыз өлкөсүнөн Асел Шарбекова, Айтурган Маматкулова жана Диана Канатбек кызы катышты. Бул мелдешке жалпы 66 спортчу катышкан.

Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова 620 упай топтоп 34-орунда жайгашса, Маматкулова 584 упай менен 56-орунда, Канатбек кызы 480 упай менен 65-орунда болду.

Алдыңкы үчтүктө Түштүк Кореянын спортчулары жайгашты. Алар 681, 680 жана 677 упай топтогонго жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Romantik.
2018-08-21 18:14:46
Акыркысынан 2ни алыптыр да))) хаха
-1
emirchik
2018-08-21 21:56:47
Жаа Атпайле журоберчи Кыргызстанды Уят кылбай.Андан кору колдон келген жумушту жасаш керек,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан