Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын 4-күнүндө спорттун 14 түрү боюнча 31 медалдар топтому ойнотулат.
Кыргыз спортчулары грек-рим күрөшү, оор атлетика, сууда сүзүү жана таэквондо боюнча мелдештерге катышат.
22-августтун программасы:
Сууда сүзүү
Саат 08:00дө
Денис Петрашов
Елизавета Рогожникова
Владислав Шулико;
Таэквондо
Саат 9:00дө
80 килограммга чейинки салмак ченинде, жарым чейрек финал:
Али Алараими (Катар) - Акбар Айтахунов (Кыргыз өлкөсү);
Грек-рим күрөшү
Саат 12:00дө
77 килограммга чейинки салмак ченинде - Акжол Махмудов;
87 килограммга чейинки салмак ченинде - Самат Ширдаков;
97 килограммга чейинки салмак ченинде- Узур Жузупбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде - Мурат Рамонов.
Баскетбол (3х3)
Саат 14:00дө
Кыргыз өлкөсү - Бангладеш
Саат 15:00дө
Кыргыз өлкөсү - Түштүк Корея.
Оор атлетика
Саат 16:00дө
69 килограммга чейинки салмак ченинде - Иззат Артыков.