Бишкектин борборунда жаңы O!Store дүкөнү. АРЗАНДАТУУЛАРГА шашылыңыздар!

Кыргызстандагы мобилдик түзүлүштөрдү сатуу боюнча O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагы кеңейүүнүн үстүндө жана азыркы учурда 68 павильонго ээ болду. Анын бири бүгүн шаардын чок ортосундагы ГУМ “Чынар” соода-көңүл ачуу борборунун 1-кабатында туруктуу жана жаңы кардарлары үчүн ачылды. (Кириш Чүй кең көчөсү тарабынан).

Дүкөндүн ачылышына карата бардык кардарларды кенен ассортименттеги бүт аксессуарларга 20 пайыз өлчөмүндөгү АРЗАНДАТУУЛАР күтөт. Телефон каптарын, коргогуч айнектерди, плёнкаларды, кармагыч-шакектерди, кабелдерди, переходниктерди, адаптерлерди, зымсыз колонкаларды, кулак каптарды жана башка нерселерди 2018-жылдын 17-августунан 31-августуна чейин кадимки бааларынан арзан баада сатып алууга болот.

Жаңы O!Store дүкөнү өзүнүн тармак боюнча “боордошторундай” эле түрдүү дүйнөлүк бренддердин популярдуу смартфондору жайгаштырылган ыңгайлуу промо-стенддер менен жабдылган. Аларды жөн эле карап гана тим болбостон, колго алып айлантууга, телефонду бир кол менен көтөрүүгө канчалык ыңгайлуу экендигин текшерип көрүүгө, фотокамераларынын жана башка мультимедиалык мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө болот.

Кыргызстандагы мобилдик түзүлүштөрдү сатуу боюнча O!Store дүкөндөр тармагында «О!го которул» тарифтик пландарынын топтомунун алкагында байланыш кызматтарына 50 пайызга чейинки арзандатуу менен каалаган смартфонду насыяга сатып алса же ислам принциптери (мурабаха) менен бөлүп төлөөгө жолжоболоштуруп алса болот. Муну ишке ашыруу үчүн паспорт жана айлык акы тууралуу маалымкатты же жеке ишкер катары эмгектенгендерге акыркы 3 ай үчүн алынган патентти көрсөтүү жетиштүү. Дүкөндөрдөгү товарлардын толук ассортиментин www.ostore.kg сайтынан онлайн көрсө болот.

Жаңы O!Store дүкөнү сиздерди төмөнкү даректе күтөт: Бишкек ш., Чүй кең көчөсү (кириш Чүй проспектиси тарабынан), 92, 10:00дөн 22:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан