КҮНСОБОЛ: Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту. Жөнөкөй жаран өлкө башчысына жолугам деген аракети үчүн соттолгону туурабы? Мына ушундай суроону кабыргасынан коюп нааразычылык билдиргендер көп болду. Окуя боюнча тиешелүү жетекчилерге ушул күнгө чейин эч кандай чара көрүлгөн жок.

Мындан тышкары президент коррупционерлердин аттарын ачык айткыла, күрөшөбүз дегени менен, коомчулукта улам-улам айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылбай жатат.

Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген собол салды.

АЙЫП: "Президент айткан сөз менен жасалган иштер бир деңгээлде эмес"

Журналист Нарын Айып президенттин убадаларынын ишке ашпай жатканына мурунку кадрлардын таасири тийип жатат деген пикирде.

"Президенттин айткандарынын баары эле туура. Бирок чын эле кээ бир көрүнүштөр коомчулук каалагандай ишке ашпай жатат. Менин оюмча, эски бийликтин кадрлары көп жерде отурат жана алар дале күчүндө. Алар менен да эсептешүүгө туура келет. Болбосо саботаж кылып салышы мүмкүн. Азыр да "күздө мындай иштер болуп кетет экен, тигиндей нерсе уюштуруп жатышыптыр" деген кептер айтылып жатпайбы. Менимче, ушул сыяктуу нерселерден чочуп жатышат. Маселе жаратып жаткандар орто деңгээлдеги адамдар. Алар премьерлер, президенттер алмашса да ордунда отурат. Аларды толук алмаштырганга көп убакыт кетет. Менимче, кептин баары ошол жакта болуп жатат. Айтылган сөз менен жасалган иштер бир деңгээлде эмес. Аны баары түшүнүп жатат. Президент жумушка киришкенине бир жыл болуп кетти. Бул учурда көп нерсе жасаса болмок. Жарандар аткаминерлер камалса, дагы камаш керек деп жатат. Демек, элдин күткөнү мындан да жогору", - деди Нарын Айып.

ЖАПАРОВ: "Жээнбеков президент болордун алдында берген убадаларын так аткарууга аракет кылууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда коррупцияга каршы күрөш тандалма мүнөзгө ээ эмес.

"Сооронбай Жээнбеков президент болордун алдында берген убадаларын так аткарууга аракет кылууда. 2040-жылга чейинки Улуттук стратегияны кабыл алып жатып да өзүнүн 5 жылда жасачу приоритеттүү пландарын айтып берди. Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштер боюнча парламентте да талкуу болуп, бүтүн эл маалымат алды. Бул коррупцияга каршы күрөш саясий оппоненттерге каршы күрөш эместигин далилдеп берди. Эми энергетиктер мындай кадамдарга барбайт. Башка тармактарды да ушинтип тазалап койсо болот. Тышкы карыздын 30 пайызын энергетиктер, 30 пайызын жол куруучулар алган. Калган каражаттар бюджетти колдоого жумшалган. Менимче, президент коррупцияга каршы күрөштү токтоткон жок. Эл менен да ачык эле иштешүүдө.

Жалал-Абадда болгон жашоочулар менен жолугушуу имараттын ичинде болгону үчүн, албетте, бирөө барып, бирөө бара албай калат. Ошол жолугушууда Мамлекеттик каттоонун мурунку башчысы "мени тапанча менен атты" деп президентке айтып берди. Мындай маселелер президентке жетип жатат. Ал эми сот деген эч качан бир тараптуу болбойт. Биз ушуга көнүшүбүз керек. Соттун чечими чыга электе божомолдоп, бирөөнү күнөөлүү деп айтпашыбыз зарыл. Бишкек мэрин шайлоодо премьер-министр өз оюн айтты. Жаңы келген бийлик эле сунуштабай, мэрди депутаттар сунуштап чыкты. Азиз Суракматов да жаман жигит эмес. Байкап көрөлү. Бизнестен келген киши деп эле жерий бергенибиз туура эмес. Мына, Нариман Түлеев бизнесмен дегенибиз менен Бишкекке көп иштерди жасаган. Азыр да шаардыктар аны мактап жүрүшөт", - деди Жапаров.

ЖАМАНГУЛОВ: "Матраимовго чыккан чечим президенттик аппараттын сот иштерине аралашпай жатканынан кабар берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун пикиринде, Жалал-Абадда 5 жарандын президентке жолуга айлбай калганында президенттик аппараттын же жергиликтүү бийликтин катачылыгы бар.

"Өзгөрүүнү президент жалгыз жасай албайт. Мен анын жасап жаткан иштерин, саясатын колдойм. Ал эми Жалал-Абад облусундагы жолугушууда кемчиликтер кеткен болушу мүмкүн. Бул президенттик аппараттын же аймактардагы тизме түзүүгө жоопкерлердин катачылыгыдыр. Ал эми Райымбек Матраимов боюнча соттун чечими коомчулук күткөндөй чыкпай калганы, демек, бул президенттик аппараттын сот иштерине кийлигишпей жатканынан кабар берет.

Биз, өзүбүз соттун көз карандысыздыгын талап кылып жатканбыз. Эми кайра президенттен сот чечимдерине реакция берсин деп жатабыз. Жарым жылда чоң өзгөрүү жасоо кыйын. Буга чейин чечилбей келген бир топ маселелер бар болчу. Президентке убакыт беришибиз керек. Өлкө башчыны депутаттардын баары эле колдоп жатат. Жадакалса коомдук активисттер, бейөкмөт уюмдардын башчылары да колдоо көрсөтүүдө. Президенттин иши, албетте, бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Менимче, президент айткан сөздөрүн ишке ашырып эле жатат. Сындагандын ордуна биз ага жардам берели", - деди Жамангулов.

ЖУРАЕВ: "Айрым маселелерге президенттин пикир билдирбей койгону элдин ага карата ишениминин жоголушуна алып келет"

Саясат таануучу Эмил Жураевдин айтымында, президенттин айткандарынын ишке ашпай жатышы коррупциянын элдин жашоо-турмушуна терең аралашып алгандыгынан кабар берет.

"Биринчи кезекте, коррупция менен күрөшүү өлкөнүн саясатындагы эң орчундуу маселелердин бири экенин эске алуубуз керек. Президент Сооронбай Жээнбеков эле эмес, андан мурунку президенттер да коруппция эң кыйын маселе экенин баса белгилеп, аны менен күрөшүүгө аракет кылып келишкен. Азыркы учурда президенттин коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү талабынын кечеңдеп жатышы эки чоң маселеге байланыштуу. Биринчиси, жетекчилик жана анын тегерегиндеги адамдардын коррупцияга аралашып алышы же иш жүзүндө аны менен күрөшүүгө кызыкпай жаткандыгы.

Экинчиси, коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери болуп жатса да ал элдин жашоо турмушуна сиңип, коомдун бардык катмарына аралашып калгандыгы. Учурда экинчи маселе бизде орчундуу болуп, президенттин айткан сөздөрү жыйынтык бербей жаткандай элес калтырууда. Негизи коррупцияны түп тамырынан бери жок кылуу үчүн комплекстүү күрөшүү керек. Мынчалык орчундуу маселе менен күрөшүүнү бир-эки органга жүктөп коюп жыйынтык күтө берүү туура эмес. Коррупцияга жол берген маселелердин баарын карап чыгуу зарыл.

Ал эми президенттин коомдук талкуудагы айрым маселелерге карата пикир билдирбей жаткандыгы анын ал маселелерге карата позициясынын белгисиз экендигинен кабар берет. Мүмкүн президентке жакын кишилердин кызыкчылыгына байланыштуу же өзүнүн алдыдагы жүрүштөрүндө саясий себеп бардыр. Канткенде да коомдун чордонундагы талкууланып жаткан маселелерге пикир билдирбей койгону элдин президентке карата ишениминин жоголушуна алып келет", - деди Жураев.

САРИЕВ: "Президент коррупция менен аёосуз күрөшөйүн десе, анда элитанын көбүн өзүнө каршы коюп алат"

Саясат таануучу Марс Сариев президенттин Райымбек Матраимов боюнча үн катпагандыгы коомчулукта ар кандай сөздөрдүн күчөшүнө себеп болууда деген пикирде.

"Райымбек Матраимов 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Кара-Суу районунан жеткиликтүү добуш алып берген. Ошон үчүн ага тийбей жатат. Бирок бул Жээнбековго карата коомчулук тарабынан аябай терс пикир алып келүүдө. Ал эми Ноокен ройонундагы аялдардын президентке жолукпай калгандыгы президенттин бардык жарандарга бирдей мамиле кылууга аракет кылгандыгынан кабар берет. Эгер өлкө башчысы ал аялдар менен жолугушса, анда түндүк тараптан "өзүнүн жердештери доомат кылып келсе, алар менен жолукту" дегендей туура эмес сөздөр айтылышы мүмкүн. Анткени түндүк тараптан буга окшогон көрүнүштөр боло элек. Ал эми президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракетинин алгылыктуу жыйынтык бербей жатышы элдин жашоо-турмушунда коррупциянын тамырлап кетишине байланыштуу. Биз Европа же башка өлкө эмеспиз. Кайсы бир иштерди казып баштаса эле тууган-урук болуп чыга калат. Азыр президент коррупция менен аёосуз катуу күрөшөйүн десе, анда элитанын көбүн өзүнө каршы коюп алат. Ошон үчүн Бишкек ЖЭБине окшогон оркоюп көрүнүп калган иштерди гана казып жатышат. Башкаларга тийсе, элитанын 90 пайызы каршы чыгып, Сооронбай Жээнбеков башкаруучу боло албайт деп айтып чыгышат", - деди Сариев.

РЫСПАЕВ: "Эл реформаны коррупциядан башка тармактарда да күтүп жатат"

Коомдук ишмер Бакыт Рыспаев президент коомдогу окуяларга өз пикирин билдирип турушу керек деген пикирде.

"Президенттин эл менен жолугушууга барганда айрым адамдарды милиция кызматкерлери тосуп, жыйынга киргизбей койгону боюнча маалыматтар бизди да ойлонтуп жатат. Бул жерде президентти күнөөлөгөн туура эмес. Тегерегиндегилер жолугушууну жакшылап уюштурушу керек эле деген ойдомун. Мамлекетте болуп жаткан иштер боюнча социалдык тармактарда талкууларга президент же анын аппараты тарабынан реакция болуп турса деген пикирлер айтылууда. Мисалы үчүн, Роза Отунбаева президент кезинде социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ар бир окуяга өзүнүн ой-пикирин билдирип турчу. Азыр андай болбой жатат. Бул багытта президенттик аппарат иш жүргүзүшү керек. Ал эми коррупция боюнча тергөө иштери болуп жатканын эл оң баалап жатат, бирок башка да тармактарда олуттуу, сезе турган реформаларды күтүп жатканын биз байкоодобуз", - деди Рыспаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан