Жайкы Азия оюндары: Кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалда ирандык Мохаммедали Герай менен беттешет

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын финалына өттү. Эми алтын медаль үчүн беттеште Акжол Махмудов ирандык Мохаммедали Герай менен кез келет.

24 жаштагы Мохаммедали Герай Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын, Азия чемпиондугунун 2 жолку күмүш медалынын ээси жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2 жолку чемпиону.

Мохаммедали Герай Жалпы бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун алдындагы мелдештерде 12 медаль утуп алган. Анын ичинен 5и алтын, 5и күмүш жана 2си коло медаль.

Ал эми 19 жаштагы Акжол Махмудов жалпы 6 медалдын ээси, анын 5и алтын жана 1и күмүш медаль. Махмудов өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө жана Азиянын 2 жолку чемпиону, жаштар арасындагы Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси. Жана Акжол Махмудов улуулар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
murat17
2018-08-22 15:45:04
алга акжол
+3
Shakek
2018-08-22 15:46:03
Акжол ийгилик
+4
Dembele84
2018-08-22 15:57:41
Катуу курош болот экен.Алга иним,кыргыз эли сени менен !!!
+5
Komrad
2018-08-22 16:05:07
Качан, кайсы каналдан болот?
+3
Bars88
2018-08-22 16:34:50
Komrad,Финал 18.00до башталат
0
Lutfulla
2018-08-22 16:08:18
Умутубуз сенде Акжол, белди бекем бууп женишти алып келишинди кутобуз.
+3
zevs
2018-08-22 16:08:56
saat kanchada bolot
0
Dalil
2018-08-22 16:10:40
Акжол жеңет буюрса.
+3
Mars575
2018-08-22 16:12:50
Акжол атын жакшы иним, акжолтой болуп, алтынды илип кетчи сураныч!
+4
salimbek87.kg
2018-08-22 16:26:28
Аллах колдосун ийгилик Акжол алтын медал менен күтөбүз сени
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан