Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну Чыңгыз Сарымсаков Орусияда иштеп жүргөндө бөйрөгүнө суук тийген. Учурда бөйрөгү таптакыр иштебей гемодиализ аппаратына күнү түшүп жатат.
Бейтап алгач автоунаа жуучу жайда иштеп жүрүп андан соң Орусияга иштегени кеткен. Ал жерде 3 жыл эт саткан дүкөндөгү муздаткыч витринанын жанында иштеп жүргөн. Өзүнүн баамында ага ошол жерден суук тийген. Мындан улам Чыңгыз тез шишип кетип, буга байланыштуу анализ тапшырган. Доктурлар “бөйрөгүңө суук тийиптир, дарыланышың керек экен” дешкен.
"Орусияда дарылануу кымбат болгондуктан Кыргыз жергесине келдим. Апамдын сунушу менен “Hayat beauty” деген дары сатуучу бир компаниядан дары алып ичкем. Анын 3 таблеткасын ичкенде эле оорум күчөп кетти. Ошентип гемодиализ аппаратына жатып калдым. Кийинчерээк ал дары сатылган офиске барып, “сиз мага туура эмес дары бериптирсиз, аппаратка жатып калдым. Бул дарыны алып, мага акчаны кайтарып бериңиз!” деп айтайын десем эшиги жабык, чалсам телефондору өчүк.
Алгач 2 айдай өлөт деген ушул турбайбы деп депрессияга кабылдым", - деди Сарымсаков.
Чыңгыз Сарымсаков апасы Жүзүмкан Саадабаева операция жасатууга акчасы болсо, баласына бир бөйрөгүн берип донор болууга камданып жүргөн маалы.
“Балам гемодиализ аппаратында аптасына 3 жолу 4 сааттан жатат. Башында 3 ай 5 миң 550 сомдон төлөп жаттык. Батирде жашайбыз, жетиштүү каражат жок, жолдошум дагы 3 жыл мурун каза болуп калган (ыйлап). Кеп болуп жаткан дары сатуучу компанияда Гүлнара деген эже иштечү. Ал “балаң бир жылдан бери бөйрөгү ооруп жатыптыр, бул дарыны ичсе дароо айыгат. Ушул дарыны алып бербейсиңби?” деди. Мен макул деп “Лобуби Кебир” деген дарысын жана кальций витаминдерин сатып алдым. Ошол дарынын үч таблеткасын ичкенден кийин эле ого бетер начарлап кетти", - дейт кейиген эне.
Дал ошол дарыны сунуштап саткан Гүлнара аттуу айымдын (фамилиясын атоодон баш тартты) иштеген жерине барганыбызда, ал камерага жооп берүүдөн баш тартып, өз чындыгын мындайча түшүндүрдү.
“Ал дарыны алса мен өзүм жасаган жокмун. Компаниянын дарысы. Апасы менен жеңеси келгенде деле түшүндүрүү иштерин жүргүзгөм, өздөрү алып кетишкен. Башка кардарлар ал баланын ооруп калганын угуп, биз ал дарыны ичпешибиз керек экен деп ойлойт да. Канча кишинин бекер убалына калабыз? Мен ошон үчүн сүйлөгүм келбей жатат”, - деди.
Видеоматериал даярдалып жаткан учурда Чыңгыз Сарымсаковдун апасы бизге байланышып, дарыны сунуштап саткан Гүлнара аттуу айым дарынын акчасын кайтарып бергендигин кабарлады. Соодагер дары сатууда күнөөсү болгондуктанбы же жабыркап турган бейтап тарап нааразы болбосун деген ойдобу, айтор мактап саткан дарысынын акчасын (жалпысынан 15 миң сомдой акча) кайтарып берген экен. Ал эми чет өлкөдөн операция жолу менен бөйрөк алмаштырууга муктаж болуп турган каарманыбыздын үй-бүлөсү үчүн учурда 1 сом да маанилүү экени талашсыз.