super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Араванда унаа өткөн жолго мамы кулап түштү. Мамылардын абалына көз жүгүртүү зарылчылыгы бар"

 

Ош облусуна караштуу Араван районундагы Кичик-Алай айылындагы капчыгайда жолго жоон мамы кулап түштү. Бул тууралуу окурман маалымдап, мамы кечээ кулаганын билдирди.

"Бактыга жараша, мамы унаанын үстүнө кулаган жок" дейт ал өзүнүн билдирүүсүндө.

"Мамы унаанын үстүнө куласа адамдын соо калышы күмөндүү. Жоон мамы катуу түшмөк. Мындан улам жолдордогу мамылардын абалына көз салуу зарылчылыгы турат дей ойлойм. Ал эскиргенден кулады да. Мамыны алуу үчүн жүк тарткан техника 1 саатта келди. Жолдо зарыл жумуштарыбыздан калып күтүп турдук. Айылда жарык да өчүп калган болчу", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: