ЖЫЛНААМА, 23-АВГУСТ: Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Роза Отунбаева 68 жашка толду
Мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана КМШдан чыккан алгачкы президент айым Роза Отунбаева 68 жашка толду. Ал 1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган.
Роза Отунбаева Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
1986-1989-жылдары Кыргыз Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеп кийин СССРдин Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрайымы болот. 1991-жылы эгемендүүлүк алган Кыргыз Республикасына келип өлкөнүн вице-премьер-министри, тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган. Роза Отунбаева Кыргыздын АКШ, Канада, Улуу Британия жана Ирландиядагы биринчи элчиси болуп иштеген.
2002-2004-жылдары БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн жардамчысы болот. Ал Кыргыз жерине кайтып келип 2004-жылы "Ата Журт" оппозициялык кыймылынын тең төрагасы, 2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү, 2009-жылы парламенттеги оппозициялык фракциянын башчысы болгон.
2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы болгон. 2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти болгон. 2011-жылдан бери өзү негиздеген "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондун жетектеп келет.
23-августтун жылнаамасы.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:35
2019-02-22
21:05
2019-02-22
20:56
2019-02-22
20:35
2019-02-22
20:05
2019-02-22
19:35
2019-02-22
19:05
2019-02-22
18:01
2019-02-22
16:39
2019-02-22
15:19
2019-02-22
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг:
1


Талкуу жабык.