super.kg logo

"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору "Мудараба" кирешелүү депозитин сунуштайт

 

"Бакай Банктын" Ислам каржылоо борбору физикалык жана юридикалык жактарга каржылоонун жаңы, толук кандуу түрүн сунуштайт. Аталган каржы борбору шариаттын эрежелерине ылайык альтернативдүү каржы кызматтарын көрсөтөт. Алардын бири актуалдуу, функционалдуу делинген "Мудараба" кызматы. Бул кызмат аркылуу сиз акчаңызды сактоого кепилдик гана албастан ай сайын пайда дагы көрөсүз. Башкача айтканда, сиздин акчаңыз көбөйө берет.

"Мудараба" - кардардын Ислам каржылоо борборуна ишеним артып берген аманат акчасы. Ал эми бул борбор кардарлардын акчасын жөн гана сактап койбостон аны инвестициялык долбоорлорго жумшайт. Ошондой эле андан түшкөн киреше келишимдин негизинде тараптарга бөлүштүрүлөт.

Аманат салуунун шарттары:

  • Аманат акчанын кирешеси ай сайын же келишим бүткөндө берилет;
  • Депозит сом же АКШ доллары түрүндө ачылат;
  • Аманат акча эң аз дегенде 5 миң сом же 100 доллар болушу шарт;
  • Аманат акчаны сактоо мөөнөтү: 1, 3, 6, 9, 12, 18 же 24 айга чейин;
  • Аманат акчаны толуктоо: каралган эмес;
  • Аманат акчадан керек учурунда алуу каралган эмес.

Аманат акчаны банкта сактоонун артыкчылыктары:

  • Акча каражатын ишенимдүү түрдө сактоо жана шариат уруксат берген жол менен инвестиция кылуу;
  • Инвестициядан түшкөн киреше ай сайын аманат акчага кошулуп турат;
  • Ыкчам жана акысыз түрдө эсеп ачуу;
  • 2008-жылдын 7-майында кабыл алынган Банктык эсептерди сактоо мыйзамына ылайык аманат акчалар тийиштүү деңгээлде камсыздандырылган.

Банк менен аманатчы инвестициядан түшкөн пайданы кантип бөлүштүрүп алат?

Ислам каржы борбору - "Бакай Банк" тарабынан ачылып, ислам эрежелерине ылайык каржы кызматын көрсөткөн Кыргыз жергесиндеги жана КМШ өлкөлөрүндөгү алгачкы кызмат.

Сурап-билүү:

Дареги: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 111а.

Байланыш борбору: +996 (312) 610 061. Уюлдук номер: 6111


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
24.08.2018. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
520
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
0
Мисалы: мен 1000000сом салсам айына канча сом кошулуп турат?
24.08.2018. 23:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
08-03-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:11
Жынысы:
Белгисиз
0
tulpar90, Негизи Мудараба эрежеси боюнча айтсак, ошол миллиондон, бир айда канча пайда тапса, ошол пайдасы сизге жана банкка тең бөлүнүүсү керек.
24.08.2018. 23:47 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 20:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Salaf, эгер банкрот болуп калса, банк ошол чыгымдын жарымын которобу? Б.а. кредиттин жарым акчасын кечип жибереби?
25.08.2018. 00:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
08-03-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:11
Жынысы:
Белгисиз
0
CEO1, Негизи Мудараба шарты мындай, мисалы, мен сага 100 000 акча берсем, сен андан бир айда 200 000 тапсаңда, 50 000 тапсаңда экөөбүзгө тең бөлөсүң, а эгер сен банкрот болуп, мага 100 000 ди кайтара албасаң, анда мен аны кечип салууга милдеттүүмүн, себеби сен кееде жолуң жүрүшүп 3 эсе пайда таап, аны теңге бөлгөнүңдө, мен 150 000 пайда алып жатамго? ошого келишимде "Залог коюлбайт, жана жоготууга учурасаң акча кайтарылбайт" деп кол коюлат. Өзу Мударабаны өз эрежеси м-н аткарууга көбүн
Salaf түзөттү 2018-08-25 00:37:21
24.08.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
27-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Super
24.08.2018. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Мындай депозит ЭкоИсламикБанкта деле бар. Алгачкы эмес алгач экобанкта башталган
24.08.2018. 23:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
08-03-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер.кж, аманатка, же мударабага койулган акчанын кирешесин, шарияттын эрежесине ылайыкташтырып, же Мудараба эрежеси боюнча бөлүштүрүлүүсүнө кандай кепилдик жана далил бар?. Билип берсеңер?!
24.08.2018. 23:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
13-10-2015
Соӊку аракети:
07-09-2018 14:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
Salaf,суроо коп, жооп аз. Эко банктын отчетун коруш керек. Не болсо да алар коптон бери иштеп келатышат.
25.08.2018. 01:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
520
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
+1
Айткылачы кайсы банк акча сактаганга ыңгайлуу?
25.08.2018. 07:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Компаньон эн жаш банк Жана ишенимдуу. Депозиттери да кирешелуу
26.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
892
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн негизгиси адал болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: