Кечээ, 23-августта Бишкектеги 7-Апрель көчөсүндө эки жигит чырдаша кетип, бири экинчисинин башын темир менен жара чаап өлтүрдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициядагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, оор жаракат алган жигит окуя болгон жерден каза болгон.
"7-Апрель көчөсүндөгү темир жолдо эки жигит мушташып, бири экинчисинин баш сөөгүн темир менен жара чапкан. Жаракат алган 25-27 жаштар чамалуу бала окуя болгон жерден каза болуп калган. Милиция барган учурда кылмышка шектүү маркумдун жанында отурган. Ал Нарын облусунун 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал кылмышын дароо моюнуна алып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - дешти милициядан.