Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаракат алганына байланыштуу жолугушуулардан баш тартууда

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаракат алганына байланыштуу жолугушуулардан баш тартууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Орусия коомчулугунда акыркы күндөрү премьер-минстр эл назарынан жоголуп, алдын ала пландалган жолугушууларга келбей жаткандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Бул маалыматтарды Орусиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы тастыктаган.

"Машыгуу учурунда алган жаракаты өкмөт башчыга азырынча эл алдына чыкканга жана жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бирок ал өзүн жакшы сезүүдө", - деп билдирген өкмөттүн басма сөз кызматы.

Медведев кандай машыгуу учурунда жаракат алгандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок. Буга чейинки берген интервьюларында премьер-министр бадминтонго кызыгарын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aydinnur
2018-08-24 15:28:08
Путин сабап койгон го))мени укпайсың деп
+6
dastanbek1981
2018-08-24 16:01:32
Неси болсода тынч эле болсунда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан