super.kg logo

Ырчы Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына борбордо кече өткөрдү

 

Бүгүн, 24-августта Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова миллион катталуучу топтогону үчүн кече өткөрдү. Салтанатка ар тармактуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ырчынын курбу-курдаштары, жакын туугандары жана кыргыз шоу-бизнесинен Неля, Нурлан Насип, Айнура Салахидинова, Азиза, Асема Токтобекова, Талант Кадыров, Өктөм Сапар уулу "Dilbar" мода үйүнүн директору, дизайнер-модельер Дильбар Ашимбаева жана башкалар келишти.

Кеченин күнөөкөрү Самара Каримова: "Менин ар бир ийгилигиме ар бир күйөрманымдын, жакындарымдын салымы бар. "1 миллион катталуучу топтоптурсуң" деген кабарды уккандан бери толкунданып, кубанып жатам. Бул кабарды уккан жакындарым "мындай жакшы саамалыкты белгилеш керек, качан майлайбыз" дегенинен 2 күндөн бери белгилеп жатабыз. Кечээ Ош шаарындагы тааныштарыбыз, санаалаштарыбыз келип куттуктап, алар менен белгилегенбиз. Бүгүн Бишкек шаарында белгилеп жатабыз. Кечени аз убакытта уюштургандыктан шоу-бизнестин бардык өкүлдөрүн чакыра алган жокпуз. Айрымдары социалдык тармактагы жеке баракчамда миллион катталуучу топтогонумду уккандар түшүнбөй "миллион сом утуп алдыңбы?" дейт, мен дагы "ооба, миллион уттум" деп тамашалап койдум (күлүп). Миллион катталуучу топтогонумду белгилегенден бери "катталуучуларды сатып алган, анын катталуучулары жандуу эмес" деген ар кандай кептер айтылып жатат. Андай кептерге такыр маани берген жокмун. Анткени айтылып жаткандар калп жана сын-пикирлерди укканга дайым даярмын. Эң башкысы миллион катталуучу башыбызды бириктирип, чай ичкенге жакшы мүмкүнчүлүк берди", - дейт

Кечеге келген меймандардын бири жазуучу Фаризат Асанкалиева: "Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүндө аты аталган 3-миллионер катталды. Биринчиси Раим миллион, экинчиси Дайыр миллион, үчүнчүсү Самара миллион болду. Бул миллион чек эмес, миллиардга жет", - деп тамашалуу сөз айтып, белегин тартуулады.

Кечеге келген ар бир мейман каалоо-тилектерин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле 23-август Самара Каримованын кызы Даткайымдын туулган күнү менен дагы куттукташты. Ар башка чөйрөдөгү инсандардын башын бириктерген кече оюн-зоок менен коштолуп, оюндун катышуучуларына акчалай байгелер берилди.

Кеченин соңунда Самара Каримова ушул даражага жеткирген жолдошу Асан Мансуров экенин айтып, аны менен сыймыктанарын билдирди.

Маалым болгондой, Самара Каримова социалдык тармактагы Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоп, Кыргыз өлкөсүндөгү алгачкы миллионик аталган.



Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына кече өткөрдү

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(68)
24.08.2018. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+20
ПИАР!!! Айтууга соз коп, бирок айтып пайдасыз сага.
24.08.2018. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
05-04-2011
Соӊку аракети:
28-10-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-3
мынча коп окугудай не балее деп кире калсам Самара екенда ,Самара жолдо калып ичи ортонгон троллдорго бут, жашагыла тролльдор ким Болсонорда бул-коментарий мн анын авторитетин тушуро албай калдынарго))) айтмакчы Самара ким еле озу)))актриса же куудул беле???
24.08.2018. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:51
Жынысы:
Белгисиз
+10
Меники 1К болду деп майрамдасамбы
24.08.2018. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
254
Катталган:
19-12-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 10:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+33
ушул да майрамбы???????? инстаграм менен ооруган коомдун бузукулары... дартка чалдыккандарга жардам берсен боло эптеп шылтоо болсо эле майрамдай бербей. канча мекендешибиз жатат даарыга муктаж болуп коздору жалдырап, жашоого тойбой, ошолордун бирине жардам берген болсон эртен катталуучун 2 миллион болмок. атан менен тен кишиге тийип алып кутурдун сен дагы, кайсы сайтка кирсен сенин башын корунот... Каттуу тийсе кечир
24.08.2018. 18:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
18-10-2018 17:08
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жашоо жыргал го. Бир кун ошто кече уюштуруп, эртеси Бишкекте уюштуруп. ....... негизи ийгилик каалайм. Уй-булоосу менен бирге болсун.
24.08.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
03-10-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уят ошол кечээге баргандарга да
24.08.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
02-05-2017
Соӊку аракети:
29-09-2018 21:42
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эми муну белгилегениңиз туура болбой калды!

100 миллион же 1 миллиард болгондо бир жөн.

1 млн. го ушунча куттукттоо кечки шаан шөкөт эмне кереги бар.

Андан көрө акча болсо Элим барсыңбы! Коомдук кайрвмдуулук фондуна бериңиз.

Бир млн'го ушунча болсо анда эртең эле 2 млн. чусунда эмне кыласыз билбедим))
24.08.2018. 18:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:46
Жынысы:
Белгисиз
0
кунуго эле запрос ташайберсе болотта анан
24.08.2018. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бечара Самара, эртен мышыгы тууса да майрам откорот... Сынды кабыл алууга даяр имиш. Тиги маданият министрликтен тош белгини алганда бети кызарып уялбаган, ошончо элдин сынын кулак сыртынан кетирген, эми укмак беле?!! Ошондо эл ачык эле айтты, маданиятка эмгек синирген ишмер болууга сага кооп бар, сага Асан сатып берди деп...

Инстаграмында миллион подписчиги болсо той откоруш керек бекен, Ошто, Бишкекте?!! Бул болгону пиар да. Бул Самара озун пиарлабаса башы ооруп калат окшойт.
24.08.2018. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ар ким ар турдуу айтып журот, айрымдары Самара подписчиктерин искусственный кобойтуп алды, программисттердин жардамы менен деп айтып келет. Балээ болгондо да, Самаранын башына муйуз шактап чыгыптырбы милллион подписчиги болсо, кабарлап койгулачы...

Озун сыйлаган адам каяктагы жоруктары менен эл астына чыккандан уялат. Миллион подписчигим бар деп катар катар той откоруп чардаган акылдуу адамга жарашаар жорукпу?!!
Frunze2 түзөттү 2018-08-24 18:58:18
24.08.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:04
Жынысы:
Белгисиз
-19
Жатып алып ар нерсе дей бергиле. Эч качан оңолбойбуз мындайда. Бирөөнүн жакшылыгын көрө албайбыз. Ээх!
24.08.2018. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+21
bek_tash, миллион подписчик чогултуу жакшылык же кыйраткан бир иш бекен?!! Кыргызстандын атын дуйного таанытып же жакшы бир ыр жаратса бир жон...

24.08.2018. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-01-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
bek_tash,кошулам. Мышык майга жетпей уффф сасык дегендей болуп жатат быягы
25.08.2018. 02:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
bek_tash,Эхх бирөөгө зар,бирөөгө кор дунуйо.
Бирөөгө жегенге тамак таппай жатат,бирөө подпичигим көбөйду деп той откозуп жатат.
Ар нерсенин убалы болот бир кезде.Асан бир куну байлыгын конфискация кылып,мамлекетке откозуп салса башка бай куйоого тийип кетсе керек.Мен адашыпмын деп...
24.08.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
652
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 21:27
Жынысы:
Белгисиз
+26
Биринчи угушум подписчик жууганды, дагын ажынын келинимин дегеничи
24.08.2018. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+30
Кайда болсо Асан аны жандап журот, озу Асан канчага чыгыптыр, билгендер барбы?!!

Самаранын жанында куйоосу эмес, атасы тургандай болуп корунот...

Дагы бир суроо: Асан озу мамлекеттен маяна алып иштейт, бирок ошол маянасын актап жумушуна барабы же жокпу?!! Качан караба Самарасынын артынан ээрчип жургон болот... Иштебесе тапшырып берсин да жумушун, калп эле маяна алып отурбай казынадан?!!
Frunze2 түзөттү 2018-08-24 19:26:26
25.08.2018. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
28-03-2018
Соӊку аракети:
08-11-2018 16:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze2,А[moderated]си Самара кызын Оштогу ишканадагыларга зордоп билет алдырып концертине чакыртат. Мына Самарама мынча адам келди деп мактанат.
24.08.2018. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жогоруда бири Асан ХХХХ иштетет дейт, бул кептин канчалык чын-тогуну бар?!!

Негизи бул экооно караштуу дагы кандай бизнестери бар, булардын кол астында иштегендерден маек алсанар болмок, жумуш шарттары кандай, маяналары кандай, тиги экоонун жумушчуларга мамилелери кандай ж.б. тууралуу...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-08-25 11:33:03
24.08.2018. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+13
Эээ сага айтчу соз коп,БАНга кетемда,айткан менен толк да жок!Саша накрутканын арты, 2-3кундо отмен кылышат подписчиктерин,кайрале...Озун эле уят болосун
24.08.2018. 19:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
08-08-2018
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:59
Жынысы:
Белгисиз
-17
Неге мынча негатив создор бактылуу болсун кундо майрам кундо той кыла берген жаман нерсеби
24.08.2018. 19:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+12
Tuki110592, ХХХХ кундо той деген соз бар беле?!! Сен кундо той дегенинден ошол соз эсиме тушуп кетти...


Модератор admin_superstan түзөттү 2018-08-25 11:31:14
24.08.2018. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
202
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:18
Жынысы:
Белгисиз
+21
Толкундандым дейби акчаны толоп жасалма милион жасалма артист деген наамдарды алып дагы толкунданып койгону кызык
24.08.2018. 19:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Tahs-Kumyr-City
+19
Бала чакасы бар бироонун катынына каяктагы бир миллион адам катталат бойдок кыз болсо да тушунмокмун
24.08.2018. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
07-09-2013
Соӊку аракети:
18-10-2018 22:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бейиш
+20
Чоон эле аял инстаграмдын подписчиктерин майлап мне табат, тооба, балдарына тарбия берип жанында отур бош убактында, эми Анжелика чыкса керек пиарлап озун
24.08.2018. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+15
Баса, Дайыр миллионеринер ким экенин билбедим го, бирок Раим миллионер экоо издешпей табышыптыр...

Раим миллионерди эл коррупционер деп билет. 2010-жылы Бекназаров менен Атамбаевди уруштурган, 400 000$ пара берип, бирок бажы кызматынын жетекчиси болбой калган бири Раим миллионер болчу деп айтып келишет. .

Ал эми Самара менен Анжелика супер мактанчаактар деген ат менен элге белгилуу. Бул экоонун атын укканда эл аллергия болчу абалга жеттик...
24.08.2018. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:45
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ушуга кеткен чыгымды откондо суперге чыккан майып кыздарды баккан апага берсе болмок. Бул менин ойум, талап кетпегиле дагы!
24.08.2018. 19:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
10-11-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
+20
rejepova, откондо тери оорусунан денеси жешилип кызыл эттери корунгон наристени коруп боорум ооруду... Акчасы батпай жатса, ошолорго жардам берсе элден алкыш укмак, наалат уккуча...
24.08.2018. 20:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+4
Frunze2,+++++
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: