Индонезиянын Жакарта жана Палембенг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 10 медаль менен 17-орунда келе жатат.
Медалдык эсепте 1-орунда 124 медаль менен Кытай курамасы келе жатат, анын эсебинде 60 алтын, 41 күмүш жана 23 коло медаль бар.
2-орунда Япония жайгашкан, анын капчыгында 94 медаль, анын ичинен 27си алтын, 29у күмүш жана 38и коло медалдар.
3-орунда жалпы эсеп менен 71 медалдын ээси Түштүк Корея курамасы, анын капчыгында 20 алтын, 23 күмүш жана 28 коло медаль бар.
Кыргыз спортчулардан алтын медалды жиу-житсу боюнча мелдеште Төрөкан Багынбай уулу алып келди. 4 күмүш медалдарды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов тагынышты. Жана 5 коло медалдын ээси Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана Иззат Артыков болду.