super.kg logo

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик иш сапары аягына чыкты (фоторепортаж)

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен аталган өлкөгө барды.

Мамлекеттик иш сапардын биринчи күнү Ашхабад шаарында Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду. Президент жетектеген делегация менен бир топ өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары барды.

Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ашхабаддагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле мавзолейдин жанында жайгашкан мечит менен таанышты.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ардактуу меймандардын багына көчөт отургузду.

Сапардын соңунда президент Ашхабаддагы текстиль комплекси менен таанышты.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августка пландалган Арал деңизин сактоо эл аралык фондунун саммитине катышууда.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(23)
24.08.2018. 18:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз-түркмөн алакасы жакшырып, ар тараптуу кызматташсак эмнеге болбосун. Эки элди көп нерсе бириктирип турат. Бул дагы Жээнбековдун тышкы саясатты эң туура жүргүзүп жаткандыгынан кабар берет.
24.08.2018. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
-3
Erik2018,
Болушунча мактай бергиле Сокенерди соз менен. Жыргатып иш жасаганын коро элекпиз.
sinej түзөттү 2018-08-24 18:23:27
24.08.2018. 18:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Соке ачылыш жасаптырбы Туркменистанга Кыргызстандын атынан биринчи жолу барып?!! Как будто буга чейин Акаев, Бакиевдер Туркменистан менен алака кылбагансып...

Колунан иш келбеген Сокени кечке мактоодон уялбадынарбы?!! Кайсы кыйраткан иши учун Сокени мактаса болот, айткылачы?!! Эч болбосо эл менен жолугууга духу жеткен жок Сокенердин, дужурлоруно учурап кайтты, ошончо облус кыдырып...

24.08.2018. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2,Түркөнистан жабык мамлекек болгондуктан бул мамлекет менен туш келди эле мамлекет кызматташа бербейт. Билип билбей эле оюнарга келгенди оттой бербегиле. Жээнбековдун кандай иштеп жатканын өз көзүм менен көрүп эле жүрөм.
24.08.2018. 20:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Erik2018,Ошондо Турменистан менен Кыргызстан биринчи жолу кызматтагып жатыптырбы?!! Жомок жазгыча барып кругозорунду остурчу!!!

Соке кандай иштеп жатканын бир сен эмес, жалаюпы эл коруп турат. Тоодой убаданы берип бир кыйраткан иши жок Сокеге наалаттар жаап жатат... Бийликке келгенине 1 жыл болду, балжжнин ишин да кыла элек. 10-15 кишини камап коррупция менен курошуп жатам деп бакылдайт. Популист.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-08-24 23:59:52
25.08.2018. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2,Сенин душманын болобу Соке кайсыл жерди караба сен сени тааныбаса деле керек не анчалык, жасап жатса жаткандыр
24.08.2018. 18:39 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Соке депутат болуп жургондо оозуна талкан салып журчу, губернатор болуп 5 жыл иштеп, бир айыл6а таза суу чыгарып же башка койгойун чечууго жараган эмес... 5 жылда бир ишин эл эстей албайт Сокенин. Окмотту 1 жыл жетектеди, эч нерсени кыйратпады, кайра Дача-СУдагы контрабанданы элден жашырды. Ошондо Текебаевден "тил уккан" бул Соке, иштей албаганы учун, ошол учун да Текебаев камактан чыкпай отурат...

Мына бийлик ьашына келгенине 1 жыл болду, эмне кылып кыйратты Соке?!!
24.08.2018. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Frunze2,Жээнбековдун тушунда ири коррупциялык схемалар аныкталып, бир катар чоң кызматтарда иштеген аткаминерлерге кылмыш иштери козголууда. Ири коррупциялык көрүнүш боюнча козголгон кылмыш ишинин башкы каармандары Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, энергетика системасынын мурдагы жетекчилери жана борбор калаанын ЖЭБиндеги уурулукка шек жараткан чет элдик жарандар учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Булар негизги магнаттар, миллионерлер, чет элдик ири компа
24.08.2018. 20:08 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Erik2018, эй Сокенин камчы чабаары, мага жооп берчи. Ошол ЖЭБдеги же Тарых музейиндени коррупцияны Соке таап чыктыбы?!! Же Сокенин кабары жок беле, оозуна талкан салып унчукпай келгенине караганда?!! Качан кормчулук кабар таап эл толкуй баштаганда 10-15 камалды, бирок арадан жарым жыл отсо да соту баштала элек. Ким канча уурдаганы аныктала элек. Миллиарддар уурдалып ошонун 1 тыйыны кайтарыла элек...

Ошобу коррупция менен системалуу курошуп жатканы Сокенин?!!
25.08.2018. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2,Жооштон жоон чыгат деген ушул Жээнбеков президент болбогондо ЖЕБ, Музей, жолдогу коррупциялык иштер жабык бойдон кала бермек. Калса дагы жен ичинен соодалашып кутулуп кетишмек. Бирок Жээнбеков ага жол берген жок.
24.08.2018. 20:12 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
Erik2018, Азиз Суракматов 2008-жылы Бишкек шаардык кенешин жетектеп турнанда коррупцияга аралашканын журналисттер иликтеп коомчулукка далилдери менен сунду. Бирок бийлик болбой эле Суракматовду мэр кылып дайындады, эл каршы болсо да. Ушулбу Сокенин коррупция менен курошкону?!!

Ошко мэр бооуп келген Таалай Сарыбашев Алайдын жайлоолорун Озбекистанга ижарага беребиз деп чыкпады беле, ар гектарын 2$га баалап. Бугун ошол Ошто мэр...
24.08.2018. 19:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
-1
sinej,Иштеген кишини иштеп жатат деп айтсак эмнеге болбосун. Коррупция менен күрөш жүрүп жатса, мамлекетте тынчтык болсо ошонун өзү эле чоң жумуш. Прездент өзү таза болбосо коррупция менен күрөш жүргүзө албайт болчу.
24.08.2018. 20:14 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erik2018, кулкуну келтирбечи. Каяктагы коррупция менен курош?!! Кочмондор оюну сплошной коррупция!!! 50 мин сомдук туалеттер 300 минден курулуп жатса... Эптемей мусорный бактар 6000 сомдон сатылып алынып жатса...

Frunze2 түзөттү 2018-08-24 21:11:26
25.08.2018. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Frunze2,Көчмөндөр оюндарынын маанисинин к сын дагы билбей ар кайсыны айтып, тантырай бербечи. Ал туалетке барып көрбөгөндөн кийин, кандай жасалаарын билбей туруп жамандагынын туура эмес.
24.08.2018. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:12
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин президенттерибиз деле башка олколорду коруп улгу алат бекен ээ
24.08.2018. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Suior85,ушинтип эле наалый бергендер жакпайт да. Олкону бир эле президент эмес, катардагы жарандар да өнүктүрүүгө милдеттүүбуз!
24.08.2018. 18:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz., Бийликте отургандар элдин атынан миллиарддап карыз алып, анан ошол миллиарддарды уурдап жатса, карызды элдин мойнуна илип, катардагы жарандардын чабалаганынан эмне пайда, айтчы мага?!!

Тышта миллиондон ашуун жаран мигрант болуп тентип, ар жылы Кыргызстанга 2-3 миллиард доллар которот, бирок бийликтегилердин айынан ошончо акча да олконун онугушуно салым кошо албай келет...

Соке 60ка чыккыча кыйратпаган, эми кыйратмак беле деп айтып келгем, мына, ошол создорум
24.08.2018. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 10:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
Frunze2, " мигранттар 2, 3 млд жөнөтөт, бирок бийликтегилердин айынан ошончо акача өлкөнүн өнүнүшүнө салым кошо албайт"
Ойлонуп анан жаздыңбы тууган? Ал акчаны мамлекетке салып аткан жок мигранттар. Ошол млд акчалар болбогон тойдогу чыгаша салттарга кетип атат. Кыргызды той кууратмай болду! Той болсун бирок эби менен болсо кана. Элибиз качан түшүнөт, качан кыйналып тапкан акчасынын баркына жетет, качан ар бир жаран өзүн эмес мамлекетти, келечекти ойлойт, мына ошондо алдыга жылуу
bek_tash түзөттү 2018-08-24 18:45:17
24.08.2018. 19:20 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
0
bek_tash, эй "акылдуу", ошол акчалар экономиканы кыймылдатып жатат... Ошону тушунбосон унчукпай шук отур!!! Ошол акчалар тойго жумшалат, там салууга жумшалат, унаа алууга, мал куроого жумшалат. Ошондо продукты сатып алынабы, кирпич сатып алабы же ресторанга кызмат акысына береби, ошол акчалар баары экономикада айланып жатат. Окунучтуусу, коррупциянын айынан ошол акчалар казынага тушуунун ордуна бвйлардын чонтогуно тушуп жатат.
24.08.2018. 19:23 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
bek_tash, Мисалы Акмат той откорду, ресторан ээсине 100 мин сом берди. Ошол акчадан казынага канча акча салык болуп тушот?!! Ташмат бир кирпич заводдон 50 мин даана кирпич сатып алды. Ошол кирпич заводу казынага салыкты толук тогобу?!!

Бут кафе-ресторан, санатория, мейманкана, кирпич заводу, башка заводдордун ээлери депутат, министр болуп бийликте отурат. Олкодо 1000 ишкана бар болсо, салыктан качпай, отчетун ьурмалабай толук салык тологону 5-10 ишкана, калганы бут баары салыктан качат
Frunze2 түзөттү 2018-08-24 19:24:02
24.08.2018. 20:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 07:28
Жынысы:
Белгисиз
-3
Frunze2,чыкчы эшикке еу!Жамандагандан тажабаган неме экенсин!Канча колдонуучу атын бар сенин?Ар биринен эле кирип жамандай бересинби?Бироону жамандасан куноосун моюнуна аласын!Жон отур болду!Болбосо эшикке чык!
24.08.2018. 21:15 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 13:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
ekaterinburg, Сокенин атасы менен чон аиасы эл башкарып элдин канын соргон бай-манаптар болгон экен, бугун Соке какшатып жатат элди... Элдин байлыгы бийликтеги бир ууч мафиоз коррупционердин чонтогуно тушуудо...

Ал эми сен Сокенин арыгын чапсан ары бапы чапя бутка оролошпой!!! Болбосо бирди коруп каласын!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2018-08-24 23:52:28
24.08.2018. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 11:26
Жынысы:
Белгисиз
-4
Сооронбай Жээнбеков жонокой президент. Ар бир кыймылынан, жасаган ишинен, суйлогон созунон билинип турат. Ички жана тышкы саясатты бирдей алып кетээрине ишенем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: