super.kg logo

Бүгүн экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат

 

27-августта Биринчи Май райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу 25-августта SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 9:00дө башталат.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.08.2018. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
415
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
19-11-2018 19:03
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул Албек отунчуну эч качан чыгарбоо керек. Эн чон коррупционерлердин бири
25.08.2018. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албек гектарлаган жери үчүн жооп берсин элдер бир сотых жерге жетпей жатса бул деген жерге тойбоптур.
25.08.2018. 15:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
379
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албекти баш коргоо чарасын узартып журо бербей мулкун мамлекетке откоруп озун камап койгула.а то мулкун сатып жайлап буткондон кийин кеч болот.
25.08.2018. 15:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
379
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан ылдыйдагы талкуу жабык экен Равшан Жээнбеков озун жылдыз сезип калганбы?
26.08.2018. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-03-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555,ооба ал Супердин козундо адилеттуу инсан
25.08.2018. 16:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
28-09-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убакыт кенен каалаганча узартуу керек, булардын артында дагы башка аттар жатышы мумкун узарткыла шашпай тыкыр иликтеп чыккыла.
25.08.2018. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-02-2018
Соӊку аракети:
19-11-2018 21:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары ачык айкын көрүнүп эле турат.Түз эле кесип салбайбы эми же бийлик соодалашып жатат окшойт.Бул обжоранын байлыгындай байлыкты 10 жылда бешене тер менен тапты дегендик бул акмакчылык.Эгер үй камагына чыгарса анда Сокенин шайкалары долясын алган болот.Бирок түбү акталып кетиши мүмкүн.Анткени баарыбир СДПКда да.Сокенин эле убактылуу шоу жасаганы.Болбосо Албек АША Сапар Кубанычбек Жантөрө баарынын күнөөсүн эл көрүп эле турат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117864;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: