super.kg logo

"Кыргыз темир жолунун" кызматкери өзүнүн жана кызынын өмүрү үчүн кооптонуп, кайра президентке кайрылды

 

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкери Алия Асанбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайра кайрылып, колдоо жана коргоону суранды.

Кайрылуунун тексти:

"Урматтуу президент, сиз бизге үмүт берип, коррупциялык факттар боюнча ачык айткыла деп үндөгөнсүз. Мындан улам мен 11-августта "Кыргыз темир жолундагы" билетсиздер жана форма кийимдери боюнча коррупциялык иштер тууралуу кайрылгам. Бул видеокайрылуумдан кийин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилиги тарабынан мага каршы аракеттер башталды. Жамаатты чогултуп, маалымат жыйындарын уюштуруп, намысыма шек келтирген сөздөрдү айтып жатышат. Мени баңгизат ташыйт деп да күнөөлөй башташты.

Мен бул боюнча транспорт министринин орун басары Жусубалиев Азимбек Ильясовичке арыз менен кайрылгам, бирок ал бизди кабыл алуудан баш тартып жатат. Мамлекеттик мекемелер тарабынан эч кандай реакция көрбөй жатам. Тескерисинче, мамлекеттик органдар жана аталган ишкана тарабынан кысым болууда.

Мен жалгыз бой энемин. Буга карабай коррупциялык факттар боюнча айтуудан корккон жокмун. Жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, учурда анын үстүнөн Каржы полициясынын тергөөчүсү Азамат Бекетаев иштеп жатат. Буга байланыштуу тергөөгө колдоо көрсөтүп, ишти сотко чейин жеткирүүнү суранабыз. Эгер иш аягына чейин чыкпаса, менин кызым менсиз өсүп калат деп коркуп жатам", - деди Асанбаева.

SUPER.KG порталы бул боюнча аты аталган кызматкерлердин жана мекемелердин пикирин угуп жарыялоого даяр.


кошулду


"Кыргыз темир жолунун" кызматкери президентке кайрылды

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
27.08.2018. 12:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
05-03-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушундай адамдар коп болсун. Алия Асанбаева сиздей айымдардан умут чон. Сиздей адамдар аркылуу кыргызстанда адилеттуулук орното алабыз жана коррупция токтотууга мумкунчулук бар. Башка кызматкерлерге да улгу болдун.
27.08.2018. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
249
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Супер. Жонокой кызматкерлер жакшы билишет озунун начальниктери эмне менен дем алып жатышкандары.
27.08.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:34
Жынысы:
Белгисиз
+12
Президент ушул ишке озу коз салат деген ишенимдемин.
27.08.2018. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
30-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:26
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми жетекчиси мындай тактика жасайт. Баардык кызматкерлерди чогултат, баарнан кол койдуруп алат, типа жетекичи жакшы иштеп жатат, баары соонун деп. Ошону менен эч ким унчукпай калышат.
27.08.2018. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
22-09-2018 01:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укук коргоочулар кайдан журот. Кылмышкерлердин укугун коргоп калышчу эле. Мына чыныгы жумуш. Эми коргондо ушул эженинин укугун. Омбудсмен кайдан журот. Канча кундо Бир ун катпады
27.08.2018. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
12-03-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:43
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат эркектерибиз чыкпай аялдарыбыз коркпой айтып чыгып атат. Окунучтуу унчукпай билмексен болуп иштеп атканы эркек сооройлордун
27.08.2018. 14:56 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
-2
haydarkan, сизге купуя аркылуу жооп берилди.
Медиа-портал
27.08.2018. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:41
Жынысы:
Белгисиз
+5
Президентке ишеним болгону үчүн ушундай кайрылуулар болуп жатат. Экотехинспекциянын маалымат катчысы айткан фактыны Жээнбеков өз көзөмөлүнө алып, Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери уже фактыны иликтей баштады. Биз ушинтип президентке жардам берели. Коррупцияга каршы күрөштө бир адамдын колунан эч нерсе келбейт. Ага Кыргызстан!
Медиа-портал
27.08.2018. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коррупция менен баарыбыз ушул эжедей курошмок Кыргызстан онугуп кетмек.
Медиа-портал
27.08.2018. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз темир жолун ачыка чыгарган мындай кызматкерлер канчалык көп болсо, ошончолук малекеттин эртеңки келечеги үчүн жакшы болмок.
Медиа-портал
27.08.2018. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келгиле, ар бир мекемедеги кызматкерлер коррупция менен ушул эки эжедей болуп күрөшөбүз. Жемкорлук менен күрөшүү ар бирибиздин милдетибиз
27.08.2018. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
313
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уландын темир жолдогу коррупцияларды ачыктаганына жч кандай реакция болгон эмес.Королучу эми кандай реакция болоорун.
Медиа-портал
27.08.2018. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
+1
мамлекетке ири суммада зыян алып келген иштерди жасагандарды жердешчилик, тууганчылык үчүн же кандайдыр бир төлөнгөн акча каражаттары үчүн коргоп, “боштондук бергиле”, “саясий куугунтук болуп атат” деп кыйкырып чыгуу – өз мамлекетибизге жасаган чыккынчылыгыбыз болуп калат.
Медиа-портал
27.08.2018. 17:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык тайманбай коррупция менен шуулданган жетекчилирде ачыка чыгарган бул кызматкерге алкыш айтыш керек. Биз качан гана ачык айкындуулук орноткондо гана мамлекетте өсүп өнүгүү болот.
28.08.2018. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун президент унчукпайт, азыр маалыматты эч кимден жашырып болбойт, ММК лар маалыматты кун сайын жеткирип турат, бул экинчи Кыргыз мамлекетине куйгон инсандын кайрылуусу, эмне учун, же президент интернет булактарын карабайбы, урматтуу Сооронбай Шарипович, кыргыз Эли сизден эмнени кутуп олтурат, же айткан убаданызда турбай калдынызбы, же Берген анттынынызды буздунузбу,уч кун болду жана экотехинспекцияда иштеген айымдын кайрылуусуна, эмне реакция кылбайсыз, эми минтип олтурсак Кыргызстан ды
asash түзөттү 2018-08-28 00:42:57
28.08.2018. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
211
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:41
Жынысы:
Белгисиз
0
asash, Президент Экотехинспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиеванын кайрылуусун четте калтырбай жооп кайтарып тийиштүү кызматтарга тапшырманы берди. Эми буга деле жооп берет болуш керек.
28.08.2018. 00:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат сизге урматтуу Эр журок айым, ошончо адамга жалгыз туруп курошуп жатканынызга, АК ийилет, бирок сынбайт, кыргыз Эли сиз менен
28.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 06:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+1
Чындык чыркырабаса эле болду.
12.09.2018. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
280
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 07:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
0
Билети жок кеткенде эки эсе арзан кетишет да. Поездге билет алганча кичине акча кошуп самолётко алган он.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: