super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Президент коррупционерлердин атын ачык атагыла деди. Анын бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?

 

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталы "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген собол салды.

СУЛАЙМАНОВ: "Баарыбыз чогуу президенттин чакырыгына кол кабыш кылсак туура болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин чакырыгына ишене турганын билдирди.

Президенттин коррупционерлердин атын ачык атагыла деген чакырыгын жакшы иш десе болот. Ал коомчулуктан, депутаттардан, журналисттерден да өлкөдө кандай туура эмес жумуштар жүрүп жатканын баарыбыздан угуп, талдап, анан өзү чечим чыгарат. Андыктан баарыбыз чогуу президенттин чакырыгына кол кабыш кылсак туура болот", - деди Сулайманов.

БОКОЕВ: "Бир коррупционер жок болсо, ордуна экинчиси келип жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев эл коррупция качан жоюлат деп күтүп жатканын айтты.

"Президенттин коррупция боюнча айткан чакырыгына баарыбыз ишенип, күтүп жатабыз. Эл дагы коррупциялык системдер жоюлабы деп күтүп жатат. Кеп коррупционерлердин жок болушунда эмес. Бир коррупционер жок болсо, ордуна экинчиси келип жатат. Ошондуктан коррупциялык системди жок кылыш керек.

Реформа жасоо зарыл. Адамдарды алмаштырып отуруп президент, өкмөт эч качан коррупцияны жоё албайт. Реформа жасап коррупциялык системдерге жолдорду жок кылуу шарт. Коррупционерлерди камап жок кыла албайт. Кытайда атып салып жатат. Анда деле жок болбойт. Ошон үчүн реформа жасап, коррупциялык системди жок кылыш керек. Аткаминерлер элден акча ала албай тургандай кылуу абзел.

Азыркы учурда коррупцияны жок кылуу эмес, коррупционерлер менен иш жүрүп жаткандай сезилүүдө. Камакка алуу иши жүрүп, реформалар жүрбөй жатат. Инвесторлор биздин сотторго ишенип келе тургандай болуш керек. Биздин соттор видео тартууга тыюу салып жатса, алар кантип ишенет", - деди Бокоев.

МОЛДАЛИЕВ: "Сооронбай Жээнбеков айткан 35 коррупционердин бири Өмүрбек Бабанов болсо, калган 34ү кана?"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев президент алгач өзү айткан 35 коррупционерге иш козгошу керек дейт.

"Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында коррупцияга каршы күрөшөбүз деп айтып чыккан. Бул тема анын программасынын көзүрү болчу. Өлкөдөгү 35 коррупционерди билем, анын бири Өмүрбек Бабанов деди эле. Кана анда калган 34 коррупционер?

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария болбогондо коррупционерлер ким болмок деген суроо жаралат. Асылбек Жээнбеков парламент жыйынында "Кудайдын буйругу менен ЖЭБ жарылып, ушулар колго түшүп калды" дегендей эле бул окуя болбосо кимдерди кармашат эле? Бул күрөштө саясий эрк керек. Жээнбеков менде эрк бар деп жатты эле. Макул. ЖЭБ боюнча кылмыш иштеринин канчасы ишке ашып, канчасы жазаланат алдыда билинет. Ал жерден миллиондор уурдалган деп жатат. Анда азыр соттор да алаканы кычышып отурса керек.

Улам коррупция менен колго түшүп жатышат, бирок аткаминерлер токтогон жок. Укук коргоо органдары билип калып, жабырлануучулар маалымат берип эле иш козголбосо, башка иш жүрбөй жатат да. Бул коррупциянын жыйынтыгы менен күрөш болуп калууда. Мындай жаман көрүнүшкө каршы күрөш бала бакчадан башталышы керек. Коррупция ошол жерде жатат. Балдарыбыз акча берүүнү бала бакчадан көрүп жатат. Мектепте да ошол абал. Университетте да староста аркылуу акча чогултуп, экзамен тапшырып жатышат. Балдарыбыз даяр коррупционер болуп чыгышууда. Системдүү күрөш керек болчу. Таанымал саясатчы Отто фон Бисмарктын "Мектеп салбаган мамлекет түрмө салат" деген сөзү бар. Биз да тарбияга катуу көңүл бурбасак болбой калды. 35 коррупционер кана? Эмне Бажы, Салык кызматы азыр башкача иштеп калдыбы? Укук коргоо органдары жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан коррупция темасындагы материалдардын артына түшүп иликтесе да бир топ иштер ачылмак. Азыр болсо тандалма же кокустан колго түшүп калгандарда иш козголууда", - деди Молдалиев.

МАСАЛИЕВ: "Коррупционерлерди сөзсүз түрдө камаш керек эмес. Бирок ансыз да болбойт экен"

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев президенттин "коррупционерлердин аттарын ачык айткыла" деген чакырыгын кабыл алыш керек деген пикирде. "Чакырыкка мен ишенем же ишенбейм деп кантип айтам? Президент элге кайрылып сунуштады, ачык сүйлөшөлү деди. Жакшы сунуш болду. Аракеттер болуп жатат. Коррупцияга каршы күрөштүн жалпы багыты көрүнүп жатат. Бирок азырынча бир дагы иш соттон өтө элек. Коррупциядан тазаланганга аракет көрүлүүдө. Жыйынтыгын айтуу азырынча эрте. Иштер сотко барып, соттун чечими чыккандан кийин айтса болот. Соттун чечиминен тышкары кайсы бир мамлекеттик кызматкерди кандайдыр бир таза эмес иштерге барса кызматтан бошотуу зарыл. Ал киши көчөдө калбайт. Мугалим болсо мугалим, дыйкан болсо дыйкан, курулушчу болсо курулушчу болуп иштей берет. Бул жетекчилик кызмат атасынан калган эмес. Кызматтан бошотуу боюнча аракеттер жасала бериш керек. Сөзсүз түрдө камаш керек эмес. Бирок ансыз да болбойт экен", - деди Масалиев.

ОСМОНАЛИЕВ: "Өкмөт элди да, президентти да алдап жатат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин ою боюнча, Жээнбеков мындан мурунку президенттер айта албаган сөздү айтып чыкты.

"Президенттин коррупционердин атын атагыла, чара көрөбүз деген сөзүн буга чейин колдоп келгем, мындан кийин да колдой берем. 4 президент тең айта албаган сөздү ушул Жээнбеков айтты. Ооба, мен буга чейин башка командада иштеп келсем да, ачыгын айтышым керек, бул жерде системдүү түрдө жең ичинен саботаж болуп жатат. Анын автору өкмөт. Ал элди да, президентти да алдап жатат. Жакында эле Экотехинспекцияда маалымат катчы болуп иштеген Анара Мамбеталиева коррупцияга айыптап мекемедеги жогорку кызматта иштеген 3 кишинин фамилиясын айтты. Эми ал жалгыз калды. Бул ишти болсо Коопсуздук кеңешине берип коюп отурушат. Андан сырткары "Кыргыз темир жолунун" башкармалыгында да ушундай абал болуп жатат. Бул иштерди президент өз колуна алышы керек. Болбосо элдин кыжыры кайнап, президенттин аброю түшөт. Балким, биз билгенчелик коррупциялык иштер жөнүндө маалыматтар президентке жетпей жатат окшойт. Актуалдуу нерселер жөнүндө маалыматтар ага жетпей жаткандай. Ал эми өлкөдөгү 35 коррупционерди билем деген сөзүн президенттик шайлоо алдындагы эмоция деп баалаар элем. Бирок ошолордун 50-60 пайызын кармап берсе да жакшы болмок. Малайзия менен Армениянын премьер-министрлеринин коррупция менен күрөшүп жатканын көрүүдөбүз го", - деди Осмоналиев.

ЖЭЭНЧОРОЕВ: "Аттары аталган адамдарды эле абакка киргизе берген туура эмес"

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, учурда президент шайлоо алдындагы убадаларын аткарууга аракет кылып жатат.

"Коррупцияга каршы күрөштө дыккаттык менен иш алып барыш керек. Азыр ошондой эле иш кетип жатат. Бул багытта ачык-айкын тергөө жүрүшү зарыл. Ошондо мыйзамга ишеним пайда болот. Аттары аталган адамдарды эле абакка киргизе берген туура эмес. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Президенттин шайлоо алдындагы убадалары болгон. Алар четинен аткарылып жатат", - деди Жээнчороев.

КАПТАГАЕВ: "Азыр миң аткаминерди камамак турсун атып таштаса дагы элдин жашоосу мурдагыдай эле кала берет"

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коррупцияга каршы күрөш аягы жок иш деген пикирде.

"Президенттин "коррупционерлердин аттарын ачык айткыла" дегени - туура талап. Анткени баары эле коррупция күчөп кетти деп, бирок ошол коррупциялык иштин чоо-жайын, кимдер анан кандайча катыштыгы бар экенин айтпаса болбойт да. Ошол эле Экотехинспекцияны алсаңар деле, "Кыргыз темир жолун" алсаңар деле ушундай көрүнүш. Ачык айтылган факты жок.

Коррупцияга каршы күрөш - бул аягы жок иш. Буга чейин деле күрөш болгон, мындан кийин деле ондогон жылдар күрөш жүрө берет. Бул иш өлкөнүн өнүгүшүн, элдин жашоосунун жакшырышын камсыз кылбайт. Азыр миң аткаминерди камамак турсун атып таштаса дагы элдин жашоосу мурдагыдай эле кала берет. Коррупциянын азайышы өнүгүүгө шарт гана түзөт. Ал эми өнүгүү үчүн экономикада реалдуу иштер аткарылып, жалпы элдин күнүмдүк жашоосун камсыз кылып жаткан багыттарда алгылыктуу жылыштар болушу зарыл. Азырынча өкмөт тарабынан жигердүү аракет байкала элек", - деди Каптагаев.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: