Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын (WEF) 2 салмактагы чемпиондору аныкталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 13" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча мелдеш өтүп, уюмдун жаңы чемпиондору аталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациядан билдирди.

Мелдештин алкагында 40 мушкердин беттеши орун алып, кыргыз мушкерлер Орусия, Өзбекстан жана Казакстандан келген мушкерлер менен күч сынашты.

Мелдештин жүрүшүндө 2 салмак ченинде чемпиондук курдун жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда 61 килограммга чейинки салмак ченинде Дүйшөбай Бакытбек уулу Нурлан Курманалиев менен беттешти. 1-раунддун 3-мүнөтүндө Бакытбек уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

93 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн кыргыз мушкери Нурлан Токтобакиев менен өзбекстандык Алишер Акбаров кез келди. Беттештин 1-раундунда Нурлан Токтобакиев узаткан соккулары менен атаандашына залал келтиргенге жетишти. Өзбек мушкеринин машыктыруучусу беттешти токтотуп, жеңиш Токтобакиевге ыйгарылды.

Ошондой эле, 66 килограммга чейинки салмак ченинде Абдулгажи Газиев менен Санжар Ажибаев чемпиондук кур үчүн беттешмек, бирок спортчулардын ден-соолугуна байланыштуу беттеш орун алган жок.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Мунарбек Бектур уулу 2-раундда өзбекстандык Шохрух Жумабаевди техникалык нокаут менен утуп алды.
  • Байжан Элдияр уулу калыстардын чечими менен өзбекстандык Мухаммад Али Акбаралиевди утуп алды.
  • Кутман Уланов 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен казакстандык Самат Сагындыкты утуп алды.
  • Нурсултан Рахманберди уулу 1-раундда нокаут менен тажикстандык Абдугаффар Бобоевди утуп алды.

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Баяман Чынтемир уулу 1-раундда Артуртур Мамыровду кол кайруу ыкмасы менен утуп алды.
  • Алманбет Абдывасы уулу 2-раундда техникалык нокаут менен өзбекстандык Сардорбек Бориевди утуп алды.
  • Казакстандык Князь Яконов 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен Медер Субановду утуп алды.
  • Барчынай Өзгөнбаева калыстардын чечими менен өзбекстандык Шахзода Рахимованы утуп алды.
  • Тажикстандык Муттолибшо Акабиров 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен кыргыз мушкери Октом Бакыт уулун утуп алды.

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Казакстандык Салидин Сабиров 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен кыргыз мушкери Төрөжан Кызаевди утуп алды.
  • Өзбекстандык Машробжон Рузибоев 1-раундда техникалык нокаут менен Элбек Батыралиевди утуп алды.
  • Кубаныч Абдисалам уулу 1-раундда техникалык нокаут менен тажикстандык Жамсиддин Сайфиддиновду утуп алды.

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Мыктыбек Өскөнбаев 1-раундда техникалык нокаут менен өзбекстандык Хазрат Шарофиддиновду утуп алды.
  • Орусиялык Рустам Дебишов 2-раундда кол кайруу ыкмасы менен кыргыз мушкери Акылбек Сүйүнбек уулун утуп алды.
  • Бостон Анарбаев 2-раундда техникалык нокаут менен өзбекстандык Аликханзе Мухаммеджанды утуп алды.
  • Рыскулбек Ибраимов 1-раундда кол кайруу ыкмасы менен өзбекстандык Алишер Махмудовду утуп алды.

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Жыргалбек Чомонов 1-раунддун 30-секундасында нокаут менен казакстандык Расулбек Нодировду утуп алды

Чемпиондук кур үчүн беттештер:

61 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Дүйшөбай Бакытбек уулу 1-раунддун 3-мүнөтүндө техникалык нокаут менен Нурлан Курманалиевди утуп алды.

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

  • Токтобакиев Нурлан 1-раундда өзбекстандык Алишер Акбаровду утуп алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aibek8992
2018-08-27 13:45:10
азаматсынар кыргыздын алгырлары!
+1
Benazir08
2018-08-27 14:10:45
Молодец Нурсултан сенден умутубуз чоон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан