Жамандын аты жар-жарда. Нарында жар бетине атын жазгандар аныкталды

Нарын районуна караштуу Соң-Көл көлүнө агып түшкөн Кажырты шаркыратмасынын жээгиндеги жар бетине "Миша+Кузя", "Канат", "Азим", "1666" деген жазууларды жазып кеткендердин ким экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы жар бетине жазып кеткен адамдарды издөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында алар Кочкор районунун 37 жаштардагы Э.уулу.К. жана М.А. аттуу тургундары болуп чыгышты.

"Бул жарандар 10-июлда Соң-Көлгө эс алууга барып, андан ары Кажырты шаркыратмасына барышкан. Маалым болгондой, М.А. аттуу жаран аскага сакал алганда жибитүү үчүн колдонулган суюктук менен сүрөткө түшүү максатында жогорудагы жазууларды жазган. Жазуулардын жарымы жамгырга өчсө, жарымын колу менен өчүргөндүгүн айтып берген. Бул факты боюнча топтолгон маалыматтар Нарын РИИБинин тергөө кызматына текшерүүгө берилген", - деп билдиришти РИИБден.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
almanbetperm
2018-08-27 16:29:49
Айланайын пена менен жазылган дегиси барбы ошондо?????
+4
Azat.97
2018-08-27 16:30:03
Карыганда калжандабай эле жон журбоптурсунор да.Жамандын аты жарга жазылат болбой
+7
Makkambaev97
2018-08-27 16:30:27
Жазган болсо эмне болот
-7
Romantik.
2018-08-27 16:38:10
Makkambaev97, маданиятсыз, караңгы
+7
kechirmeni
2018-08-27 16:43:28
Сулайман тоодо мындайлар толтура го
+9
ZANIA-92
2018-08-27 16:44:44
Ош Бишкек жолунда бара жатканда, точно билбейм кайсыл жер экенини, айтор жарларда,таштардын беттеринде мындай жазуулар толтура элего. Дайыма коруп журом. Аларгада кандайдыр бир жаза колдонклабы?
+4
titanik32
2018-08-28 07:57:28
Мындай жазуулар биз жакка келсеңер толтура таштын бетине оюп жазышкан.
0
kimsanbek
2018-08-28 09:29:00
РИИБнин башка кылаарга иши жок калыптырбы? ууруну, кармасын. коорупция менен курошсун. тим эле мафияны кармагандай издоо иштерин жургузуптур! ошко келсенер Сулайман-Тоодо мындай жазуудан жузду коросунор
0
aerforce
2018-08-28 12:15:21
М к дебей толук эле жазбайсыңарбы? Аты ал жакта туратко Канат Азим деп
0
Shaa-82
2018-08-28 12:47:45
Кылмышкер болуп калабы ошондо булар. Ал болгону ташго. Бурулайдын кокурогуно жазылган жазууну жокко чыгарып атышатго адамдар.
0
Rasul94
2018-08-28 13:26:00
Бир куну угабыз аскага ат жазып атып баланча кулап кетти деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан