super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Сооронбай Жээнбеков айткан 35 коррупционердин бири Өмүрбек Бабанов болсо, калган 34ү кана?"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупционерлердин атын ачык атагыла деп айткан. SUPER.KG порталынын "Президенттин бул чакырыгына ишенесизби же бул чакырык кайра эле бюрократиянын тосмосуна кептелеби?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал президент алгач өзү айткан 35 коррупционерге иш козгошу керек дейт.

"Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында коррупцияга каршы күрөшөбүз деп айтып чыккан. Бул тема анын программасынын көзүрү болчу. Өлкөдөгү 35 коррупционерди билем, анын бири Өмүрбек Бабанов деди эле. Кана анда калган 34 коррупционер?

Бишкек жылуулук электр борборундагы авария болбогондо коррупционерлер ким болмок деген суроо жаралат. Асылбек Жээнбеков парламент жыйынында "Кудайдын буйругу менен ЖЭБ жарылып, ушулар колго түшүп калды" дегендей эле бул окуя болбосо кимдерди кармашат эле? Бул күрөштө саясий эрк керек. Жээнбеков менде эрк бар деп жатты эле. Макул. ЖЭБ боюнча кылмыш иштеринин канчасы ишке ашып, канчасы жазаланат алдыда билинет. Ал жерден миллиондор уурдалган деп жатат. Анда азыр соттор да алаканы кычышып отурса керек.

Улам коррупция менен колго түшүп жатышат, бирок аткаминерлер токтогон жок. Укук коргоо органдары билип калып, жабырлануучулар маалымат берип эле иш козголбосо, башка иш жүрбөй жатат да. Бул коррупциянын жыйынтыгы менен күрөш болуп калууда. Мындай жаман көрүнүшкө каршы күрөш бала бакчадан башталышы керек. Коррупция ошол жерде жатат. Балдарыбыз акча берүүнү бала бакчадан көрүп жатат. Мектепте да ошол абал. Университетте да староста аркылуу акча чогултуп, экзамен тапшырып жатышат. Балдарыбыз даяр коррупционер болуп чыгышууда. Системдүү күрөш керек болчу. Таанымал саясатчы Отто фон Бисмарктын "Мектеп салбаган мамлекет түрмө салат" деген сөзү бар. Биз да тарбияга катуу көңүл бурбасак болбой калды. 35 коррупционер кана? Эмне Бажы, Салык кызматы азыр башкача иштеп калдыбы? Укук коргоо органдары жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан коррупция темасындагы материалдардын артына түшүп иликтесе да бир топ иштер ачылмак. Азыр болсо тандалма же кокустан колго түшүп калгандарда иш козголууда", - деди Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин пикири бул шилтемеде.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: