Жайкы Азия оюндары: Жөө күлүк Анна Буланова мелдештин жарым финалына өттү

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдеш уланууда. Анда Кыргыз өлкөсүнөн жөө күлүк Анна Буланова катышууда.

200 метр аралыктагы жарышка катышып жаткан Буланова тандап алуу раундунда 24,02 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, өз тайпасында 5-болуп марага келди. Ал эми жалпы тандап алуу раундунун жыйынтыгында 29 спортчунун арасынан 11-орунга жайгашты.

Анна Буланованын бул жыйынтыгы ага жарым финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жарым финалдык жарыштар Бишкек убактысы боюнча саат 17:50дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Romantik.
2018-08-28 11:31:49
Фигура чёткий экен э))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан