Депутат Акылбек Жамангулов: "Биз Жогорку Кеңештин атынан карыз алууну чектөө боюнча өкмөткө сунуштама бердик"

Кытай ири карыз берүү аркылуу кичине өлкөлөрдү өз колониясына айландыра тургандыгы тууралуу чет элдик басылма жазып чыкты. Кыргыздын эң көп тышкы карызы Кытайдан алынган. SUPER.KG порталынын "Мамлекет эми алардын экономикалык басымынан кантип кутулушу керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов жооп берди.

Жамангулов карыз алууга чектөө киргизүү Кытай менен түзүлгөн мамилеге терс таасирин тийгизбеши керек деген пикирде.

"Мамлекеттик карыздын басымдуу бөлүгүн Кытай өлкөсүнөн алганбыз деп көп эле жерде айтып жүрөбүз. Азыртадан бул маселе мамлекетибизди ойлонтушу керек. Жогорку Кеңеш өкмөткө карыз алууну чектөө боюнча сунуштама берди. Анда карыздарды азайтуу боюнча атайын программа иштеп чыгарылсын деген сунуш да бар. Албетте, Кытайдын башка мамлекеттерге карыз берүүсү дүйнөлүк деңгээлде талкууланып жатат. Биз Кытай менен жакшы мамилени кармап, буга чейинки жардамына ыраазы болуп, алаканы уланта беришибиз керек. Бирок карыз төлөөнү ойлонушубуз зарыл. 2020-жылдан тарта карыздардын негизги бөлүгүн төлөй баштайбыз. Кытайдан карыз алууну чектегенибиз эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизбеши зарыл. Алар бизге карызды кыйнап берген жок да. Келишимде бекитилген график боюнча карыздан кутулалы", - деди Жамангулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кожобек Рыспаев, Зиядин Жамалдинов, Улан Примов, Марлен Маматалиев жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан