Бишкектеги "Ата-Түрк" паркында куураган чөп менен кошо бак-дарактар да күйүп кетти. Өрт дале өчүрүлө элек (сүрөт)

Бүгүн, 28-августта Бишкектеги "Ата-Түрк" паркындагы ачык аянттагы куураган чөптөр күйгөндүгү маалымдалган. Өрт саат 16:15 чамасында чыгып, өрт өчүрүү кызматынын 2 бригадасы саат 17:03тө өрттү курчоого алган.

Болжол менен парктагы ачык жердеги 2 миң чарчы метр аянт күйгөн. Учурда өрт өчүрүүчүлөр жеринде иштеп жатат.

Аталган аймакта жаш бак-дарактар бар болгондуктан, алардын көбү күйүп кеткен.Өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз.

Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
titanik32
2018-08-28 18:29:57
Көчөттөрдү бак дарактарды эгип кууратып өрттөп жок кылгыла эми.Эккенден кийин ошол жердин кароолчусу жок беле?Ошол жерге кароолчуну ишке алып,бак дарактарды карап арык алып сугарып чөптөрдү оргузуп,чоочун адамдар кире турган жерди тосуп караш керек да.Анан эле өйтөнүп кетти деп олтуруп калбай.
+1
uli1234
2018-08-28 18:30:51
Шлангасы тешилип калыптырго
+4
Kgda
2018-08-28 18:55:53
Очургуло карап турбай чака менен чуркап суу ташып чачкыла дале очуруло элек деп телефон тиктеп арызданбастан. Кандай эртеден бери ошол жерде журосун очуро элексинер, давай бат очургуло карангыга калтырбасатан.
0
Romantik.
2018-08-28 19:21:30
Шланганын жыртыгынан Нарын дарыясы агып ататко)))

Ошол жердеги карасанатай бирөө эле өрттөп жиберди да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан