super.kg logo

Дональд Трамп коомчулуктун сынынан кийин сенатор Жон Маккейндин каза болушуна карата билдирүү таратты

 

"Дональд Трамп коомчулуктун кескин сынынан кийин Жон Маккейндин каза болушуна карата билдирүү таратты", - деп бир катар чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ушул жылдын 25-август күнү АКШга зор эмгеги сиңген, Кошмо Штаттардын аскердик саясатынын мыкты адиси, Вьетнам согушунун ардагери, сенатор Жон Маккейн 82 жашында каза болгон.

Сенатордун каза болгондугуна байланыштуу көптөгөн дүйнөлүк саясатчылар жана белгилүү адамдар маркумдун жакындарына көңүл айтышты. Бирок Ак Үйдүн ушундай убакытта эч кандай пикир билдирбей, тынч турушу көптөгөн АКШнын жарандарынын наразычылыгын туудурган. Дональд Трамп өз дарегине айтылган сындардан улам сенатор каза болгондон 3 күн өткөн соң гана расмий билдирүү таратты. “Саясаттагы келишпестиктерге карабастан мен сенатор Жон Маккейндин өлкөгө өтөгөн ак кызматын урматтайм! Ошол кишиге болгон урматым үчүн Ак Үйдөгү тууларды төмөн түшүрүүгө буйрук беремин”, - деп билдирген ал расмий кайрылуусунда.

Жон Маккейн баш мээсиндеги рактан улам каза болгон. Ал 6 жолу "Республика" партиясынын атынан сенатор болуп шайланган. Дональд Трамп менен бир партияда болгонуна карабай анын саясатын ашкере сындап келген.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.08.2018. 10:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
24-04-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:41
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жон Макейн канчалаган мусульмандардын канын токон
29.08.2018. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
456
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+5
Джон Маккейн бул жалган дуйнодогу Шайтандын элчиси болчу .саясатта жургонундо жуз миндеген адамдардын бейкуноо олумуно себепкер болду !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: