super.kg logo

Бүгүн Жогорку Сотто Сапар Исаковдун бөгөт чарасы каралат

 

Бүгүн саат 09:30да Жогорку Сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

9-августта Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Исаковду эки айга, тагыраагы, 5-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов шаардык соттун чечимин өзгөртүү максатында Жогорку Сотко кайрылган.

26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. Ал "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт" деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

29-май күнү Исаковго "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
29.08.2018. 09:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов сыяктуу ТЭЦ модернизациясы боюнча камакка алынгандар өз алдынча саясий көз карашы бар адамдар эмес. Андыктан буларды оппонент деп атоого болбойт. ТЭЦтеги реконструкцияга байланыштуу чуулуу иште коррупция бар экени баарына белгилүү. Анда келишим түзүп, кол койгон адамдарды камабаганда, кимди камаш керек? Менимче муну коррупция менен күрөш деп айтууга толук негиз бар.
29.08.2018. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сапар Исаков керт башы менен уурдап жеп ичкендерин жооп берсин. Акаев маалынан бери далай кызматты аркалап келе жатат. Мунун арты таза эмес.
29.08.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
0
Курсактарын саландатып омур бою ичип жегендерди камашсын, жашыраак бироо чыга калса камабай.
29.08.2018. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
360
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:27
Жынысы:
Белгисиз
-2
fanatka19,Сапар курсактары саландагандардан мин эсе артык жеген бул бала. Мындайлар тойбойт!
29.08.2018. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууруну ууру дейт да Кытайдан алган акчаларын уурдаганы баарына маалым Аны Кыргызстан кантип толойт дебестен жеген аларды чыгаруу болбойт куноолорун далилдеп батырак камаш керек
29.08.2018. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
271
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:13
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соке Куноосу жок адамды жок жеринен куйгузуп жатат.
zhaku2017 түзөттү 2018-08-29 09:54:13
29.08.2018. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
360
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhaku2017,Атамбаев эмес Жээнбеков. Баары факты, далил менен камалып жатат. Эгер Сапар, Албектер таза болгондо жок дегенде 200 адам чыкмак. Туугандары да толук колдобой жатпайбы буларды
29.08.2018. 12:02 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bazake, бул сот иши башталабы озу же жокпу?!! Кытайда болгондо давно баарын аныктап, сот чечим чыгарган болоор эле. Силер али соттук отурумун баштай элексинер, канча уурдаганын тактай элексинер, же бир эле Бишкек ЖЭБде канча акча уурдалганын, анын ичинен Сапар канчасын уурдаганын айта аласынбы?!!

Камалганы го дурус, бирок кайда камалды, СИЗОдо, обычный турмодо эмес, анткени сот окум чыгара элек, соттук териштируу баштала элек, арадан жарым жыл отсо да. Эмнеге?!!
29.08.2018. 12:06 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bazake, эмнеге?!!

Же Сокенин планы соттук ишти созуп отуруп, акыры бошотуп жиберуубу, ага чейин коррупция менен курошуп жаткандай иллюзия калтырып?!!.....

Атамбаев да ошентип катуу бакылдаган, Келдибеков, Тулеев, Нарымбаев учоону каматып коюп. Баары эле бошонуп чыкты го, эч нерсе болбой эле. Жегендерин кускан деле жок...

Бул жолу Соке АШАнын шоусун улантып жатат корунот, элди алдап... Болбосо жарым жыл отту, булардын али соту баштала элек...
30.08.2018. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
240
Катталган:
22-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 08:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
CEO1,Ошо куносун далилдей албай атышпайбы ошо, канча жээгенин . Так даана сумма жок да... Откондо экспертизалар эсептеп чыгуу мумкун эмес дегенде аларга да кылмыш ишин ачып салды.. Эми буларда бир нерсени ойлоп табыш керек актана албай калгандай кылып же башка кылмыш ишин ойлоп таабышы керек болуп калат.
29.08.2018. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
209
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhaku2017, Күнөөсү эмнеге жок бар үчун абакта жатабы. Эмне деген коррупциялык иштер ачыка чыккан жок. Анын баарына Жээнбеков көз жума алган жок.
29.08.2018. 09:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+1
Бул ири коррупциялык иштер кимдин заманында болду? Баары коррупцияга эбегейсиз каттуу күрөш жүргүзөм деп күпүлдөгөн АШАнын заманында болду. Азыркы бийлик коррупциянын учкундарын гана өчүрүп жатат. Негизги очогу ошо бойдон калып жатат. Же эмне АША таза иштеп калганы пара алып жүргөн деп жатабы? Азыркы бийликтин коррупцияга күрөшүн да таза иштеп жатканына күмөнүм бар. Болбосо Малайзия, Өзбекстанга окшоп 1 күндө эле миллиондогон долларларды өлкө казынасына которуп коймок.
29.08.2018. 11:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар молдо болойун деп калыптыр дагы убакыт бар экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: