super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: "Шпион балдары" фильмине тартылгандан соң бир топ киного тартылуу сунушун алган америкалык актриса Карла Гужино 47 жашка толду

 


“Музейдеги түн” тасмасында Ребекка Хатмэндин, “Шпион балдарында” мурунку жашыруун агент жана Кармен, Жуни аттуу балдардын апасынын образын жараткан актриса Карла Гужино 47 жашка толду. Ал 1971-жылы 29-августта Флориданын чакан шаарчасы Сарасотада туулган. 4 жашында катуу ооруга кабылып, бөйрөктөрүнө операция жасаткан. Дарыгерлер эгер Гужино бул операцияны убагында жасабай жана туура дарыланбаса, майып болуп калышы толук мүмкүн экендигин айтышкан.

Ден соолугуна байланыштуу жана ата-энеси ажырашып кеткендиктен аларга кезек менен барып, көчүп-конуп жашоого туура келсе да кичинекей Карла окуусун такыр калтырбай жалаң гана “5” деген баага окуган. Актриса кичинесинен модель болууга кызыгып, жаш кыздардын кийимдеринин көргөзмөлөрүнө чыга баштаган.
Мындан улам өз курагындагылардан айырмаланып жетиштүү киреше табууга жараган. Бирок 15 жашка чыкканда бою кичинекей болгондуктан моделдик кесипке жарабасын билген. Атасы кызынын актёрлук талантын байкап, бул жааттан билим алуусу үчүн ийримдерге алып барган. Ал эми ийримдерге берчү акчаны атасы сыймыктануу менен төлөп бергенин айтып келет.

Алгач телевидениеде иштеп, андан соң бир канча тасмаларда эпизоддук ролдорду жаратып жүргөн актриса “Бул баланын жашоосу” фильмине белгилүү Голливуд актёрлору Леонардо Ди Каприо жана Роберт де Ниро менен биргеликте тартылган соң аты коомчулукка кеңири тааныла баштаган.
Ал эми 2001-жылы Антонио Бандерас менен чогуу “Шпион балдары” фильминин 3 бөлүмүнө тең тартылып, карьерасын дагы бир тепкичке жогорулаткан жана дал ушул тасмадан соң бир топ кинолорго тартылуу сунушун алган.
Актриса “Жыландын көзү” жана “Гангстер” тасмаларындагы ролу үчүн бир канча наамдарга көрсөтүлгөн, бирок мамлекеттик америка-италиялык фонддун премиясынан башка сыйлык алган эмес.

Карла Гужино – бойдок. “Иуддун өбүшүүсү” тасмасы тартылып жаткан учурда режиссёр Себастьян Гутьеррес менен таанышып, 2000-жылдары кыз-жигит иретинде сүйлөшө баштаганын жана мыйзамдуу түрдө баш кошууга шашылбасын билдирген.
Актриса Себастьян Гутьеррес менен“Экөөбүз тең эркиндикти сүйөбүз, бирок чогуу болууну каалайбыз. Ушул эле жетиштүү, мыйзамдуу никеге муктаж эмеспиз” деген ал.

29-августтун жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: