Орусияда башка улуттун өкүлдөрүнүн жашоосуна каршы болгондордун катары көбөйдү. Бул тууралуу "Ведомости" гезити "Левада-борбордун" сурамжылоосуна таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын 32 пайызы цыгандарды жактырбай турганын айтышкан (бир жыл мурун бул көрсөткүч 17 пайызды түзгөн). Ал эми кытайлыктарды жаман көргөндөрдүн көрсөткүчү 31 пайызга жетсе, вьетнамдыктарды жаман көргөндөр 26 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр бир жыл мурун 12-15 пайызды түзүп келген.
"Орусия орустар үчүн" дегендер мурунку жылдарга караганда 10 пайыздан 19 пайызга чейин өскөн. "Өкмөт мигранттардын агымын чектеши керек" дегендер быйыл 67 пайызга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга жогорулаган.
Бул өзгөрүүлөрдү "Сова" аналитика борборунун жетекчиси Александр Верховский улутчул маанайдын жайылышын алдыда күтүлүп жаткан экономикалык кыйынчылыктар менен байланыштырууда.