super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Министрлик: "Талас шаарында жөлөк пулдун кечиктирилиши Көчмөндөр оюндарына байланыштуу эмес"

 

Бүгүн, 29-августта Талас районунун жашоочусу "Элдик кабарга" кайрылып август айы үчүн жөлөк пул ала электигин маалымдаган. Ал почтадан "Акчанын кечигүүсүнө каражат Көчмөндөр оюндарына которулуп кеткен" деген жоопту укканын айткан.

Тургундун мындай маалыматын "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Талас райондук бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Дуйшембиев четке какты. Өз кезинде Дуйшембиев август айына жөлөк пул бериле электигин ырастап, бирок почта кызматкери "Акча Көчмөндөр оюндарына которулуп кеткен" деп айтышы мүмкүн эместигин билдирди.

"Бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен акча которула элек. Чынында жөлөк пулдун кечигип жатканы тууралуу күн сайын көптөгөн суроолор келип түшүүдө. Баарына жооп берип жатабыз. Бирок почта кызматкерлери "Акча Көчмөндөр оюндарына которулган" деп айткан эмес. Муну жөлөк пул алгандар өздөрү божомолдоп, бири-бирине айтып жатып, кеп тарап кеткен болушу мүмкүн. Буга чейин жөлөк пул министрликтен которулары менен дароо берилчү. Азыркы абалга почта кызматынын эч кандай тиешеси жок", - деди Дуйшембиев.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пулдун кечиктирилүүсү министрликтин ички структурасынын өзгөртүлүп жатканы менен байланыштуу экенин билдирди.

"Учурда айрым шаарлардагы тургундар август айынын жөлөк пулун ала элек. Анткени шаар башкармалыктары менен район башкармалыктарын бириктирип кайрадан түзүү иштери жүрүп жатат. Мунун негизинде министрликтин аймактардагы кызматкерлери кыскартылат. Документтерди кайрадан каттоо, ички структураны өзгөртүүгө байланыштуу акча которула элек, бирок бир апта ичинде бардык ата-эне жөлөк пулду колуна алат.

Акча бар, болгону документтер бүтө элек. Муну Көчмөндөр оюндарына байланыштырууга болбойт, коомчулукта туура эмес маалымат тараган", - деди министрликтин маалымат катчысы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.08.2018. 15:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп бир шылтоо.
29.08.2018. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+1
Акчаны которуп коюп анан ишиңерди кыла бергиле. Акча которгонду бухгалтерлер аткарат. Ал эми кадрлардын кыскарып көбөйүүсү кадрлар бөлүмү менен жетекчинин баш ооруусу. Окурман почтадан ошентип айтканын видеого тартып албаптыр.
29.08.2018. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
24-09-2018 00:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Башка жакта деле ошентип айтып жатышат экен почта кызматкерлери. Андай жооп бериши мүмкүн эмес деп танып коюшуптур. Ошондой эле жооп берип атышат. Ошондой суроо менен кайрылгандарга Фейсбукта эмгек жана соц өнүгүү министрлигинин кызматкери жогоркудай жооп берди, ички структуранын өзгөрүшүнө байланыштуу кечигип жатат деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: