ЖЫЛНААМА, 29-АВГУСТ: Мындан 12 жыл мурун Бразилияда "футбол падышасы" аталган Пеленин урматына эстелик тургузулган

Мындан 12 жыл мурун, 2006-жылы Бразилиянын Сан-Паулу шаарында атактуу футболчу Пелеге эстелик тургузулган. Эстелик "Ювентус" футболдук клубунун стадионунун кире бериш жерине орнотулган. Аны орнотууга Пеленин бул стадиондо 50 жыл мурун өзүнүн алгачкы мыкты голун киргизгендиги себеп болгон.

"Футбол падышасы" атка конгон бразилиялык футболчу Пеле 1940-жылы Бразилиянын Трес-Корасаес шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Эдсон Арантес ду Насименту. Пеленин атасы Жоао Рамос ду Насименто да өз кезегинде футболчу болгон.

Пеленин эң алгачкы ойногон командасы "Американа" болсо, кийин "Бакино" командасында ойногон. Улуу футболчунун чоң футболго болгон сапары ушул командадан башталган, себеби анын талантын алгач аталган командадагы машыктыруучу Валдемар ду Бриту деген адам байкаган. 1956-жылдан тарта Рамиро, Зито, Жаир сыяктуу футболдун мыкты чеберлери бар "Сантос" клубунда ойной баштаган. Бул анын футбол карьерасындагы өсүү мезгилинин башаты болгон. Ушул жылы 7-сентябрда Пеле профессионалдык футболдогу эң биринчи тобун киргизет. 1958-жылы 17 жашар Пеле Дүйнө чемпиондугунда Бразилиянын курама командасында ойноп, Бразилия "Дүйнө чемпиону" аталган.
Спорт тарыхында Пеленин "Флуменсе" командасы менен ойноп жаткан учурда киргизген тобу "Кылымдын голу" деп аталган. Анда Пеле ал голду өз дарбазасынан баштап, алдынан чыккан атаандаштарынын баарын алдап өтүп киргизген.
Футбол боюнча Дүйнөнүн үч жолку чемпиону (1958, 1962, 1970) Пеле 1282 оюнга катышып, 1364 гол киргизген. Анын ичинен (бир оюнунда) отуз ирет 4 жолу, төрт ирет 5 гол, ал эми 1964-жылы "Ботафога" командасы менен болгон мелдеште катары менен 8 гол киргизген.
Футбол падышасы Пеле 1977-жылы 37 жашында жаш курагы келгендигине байланыштуу чоң футболдон кеткен.

2018-жылы 12-августта "Ювентус" клубунун салтка айланып калган жолдоштук беттеши уюштурулган. Анда "Ювентуска" жаңыдан келген Криштиану Роналду негизги курамда ойной тургандыгы белгилүү болуп, легендарлуу футболчу Пеле социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Роналдуга бул беттеште ийгилик каалаган билдирүү тараткан.

"Криштиану, "Ювентус" үчүн биринчи беттешиңе ийгилик!" - деп жазган ал. Ошондой эле ал качандыр бир кезде "Ювентус" үчүн ойноого мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген.

Аталган беттеште Роналду оюн талаасына чыгып, 8-мүнөттө эсеп санын ачканга жетишкен. Эдсон Арантес ду Насименту учурда 77 жашта.

29-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан