Бүгүн, 30-августта бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров 52 жашка толду.
Ал 1966-жылы Кант шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Жаш кезинен бокс дүйнөсүнө аралашып, машыга баштайт.
16 жашында СССРдин Спорт чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин 4 жолку жеңүүчүсү, Европанын 2 жолку, СССРдин 3 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун 3 жолку байге ээси болгон.
1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын 5 жолку чемпиону, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону болгон.
Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут).
30-августтун жылнаамасы.