Бүгүн көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык беттештери орун алат

Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык беттештери орун алат.

Анда "Аккула" ат майданында 1-орун үчүн беттеште "Бакубат-Талас" менен ысык-көлдүк "Толкун" командалары күч сынашса, 3-орун үчүн "Шыралжын" менен "Сары-Өзөн Рассвет" командалары кездешет.

"Бакубат-Талас" командасы тайпалык баскычта атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей, ири 9:0 жана 6:0 эсептеринде утуп, жарым финалга аттанган. Жарым финалдык беттеште алар Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен күч сынашып, 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.

"Толкун" командасы тайпалык баскычтын алкагындагы алгачкы беттешинде чүйдүн "Арашан" командасы менен күч сынашкан. Бул беттештин жүрүшүндө "Арашан" алгачкы 2 таймда 4:0 эсеби менен келе жатып, 3-таймда "Толкун" эсепти 4:4 кылып кеткен. Кошумча таймда жеңүүчү аныкталбай, командалар буллиттер сериясын аткарышкан. Анда ысык-көлдүк команда мыктыраак болуп, жеңишти илип кеткен. 2-беттешинде "Толкун" "Сын-Таш" командасы менен беттешип, 19:0 эсеби менен утуп алган. Муну менен ысык-көлдүктөр жарым финалга өтүп, анда Таластын "Шыралжын" командасын 3:1 эсебинде утуп алган.

3-орун үчүн беттеш саат 13:30да башталса, 1-орун үчүн беттеш саат 15:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан