super.kg logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси каралууда. Эстафета Түркияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн

 

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө өткөрүп берүү маселеси каралууда. Түркияга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маселе Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргыз мамлекетине жасаган расмий сапарынын алкагында каралат.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өткөрүлөт.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылды.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
30.08.2018. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
378
Катталган:
03-05-2017
Соӊку аракети:
20-11-2018 13:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу Түрктөрдөн үмүт бар эле.ушулар кезекти алса экен деп.биз кубанычтабыз
30.08.2018. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
26-04-2018
Соӊку аракети:
20-11-2018 14:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде бизге караганда экономикалык жактан алдыда турган Туркия кочмондор оюнун откоруудон баш тартса,анда биз чындап эле кредит алып той откоргондойле болуп калабыз
30.08.2018. 17:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
0
Ашага эмне бар? Коррупционер кандай бет менен барат экен,???
30.08.2018. 18:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
409
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 09:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Монголия Азербайжан жана Өзбекстандын президенттери келбей калыштыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: