Депутат Айнуру Алтыбаева: "КСДПнын максаты - шайлоодо элге берген убадаларды аткаруу"

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева жооп берди.

Ал КСДП фракциясын, партиясын кандай тагдыр күтүп турганы боюнча алдын ала эч нерсе айта албай турганын билдирди.

"Кандай тагдыр күтүп турганын билгендей көзүм ачык эмес. Бирок мен КСДПнын мүчөсү катары айта турган сөзүм бар. 2015-жылы шайлоодо чоң программа менен эл алдына чыкканбыз. Ал программаны көпчүлүк колдоп, депутат болгонбуз. Биздин максатыбыз - элге берген убадаларыбызды аткаруу. Учурда социалдык багыттагы көптөгөн убадаларды аткарып жатабыз, мындан ары дагы улантабыз", - деди Айнуру Алтыбаева.

КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Мухтарбек Айнакулов, Ирина Карамушкина, саясий серепчи Марс Сариев, Орозбек Молдалиев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан