super.kg logo

ТЕСТ: Эркиндик эңсеген элдер, бири-бирин тааныбаган өлкөлөр. Жүздөгөн элдер зар болуп, Кыргызга буюрган эгемендик тууралуу эмнелерди билесиз?

 

Дүйнөдө калкынын саны миллиондон ашык болгон 330 эл бар. Бирок алардын 193ү гана эгемендикке жетип, Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон. Айрым элдер калкы бир нече миллионго жетсе да көз карандысыздыкка жетпей келет. Бүгүн, 31-августта Кыргыз өлкөсү да өз алдынча мамлекет болгондугунун 27 жылдыгын майрамдоодо. Буга байланыштуу биз сиздерге Кыргыздагы жана дүйнөдөгү эгемендик тууралуу тестти сунуштайбыз.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кыргыз Республикасынын калкынын саны эгемендүүлүктү алган жылы канчага барабар болгон?

1991-жылы Кыргыз Республикасында 4 жарым миллионго жакын жаран жашаган. Анын 64 пайызын кыргыздар, 14 пайызын өзбектер, 12 пайызын орустар жана башка улуттар түзгөн.

Кийинки суроо


2 миллион
3 жарым миллион
4 миллион
4 жарым миллион

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкен соң эң биринчи кайсы өлкө элчилигин ачкан?

АКШ эң биринчи Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин таанып, 1992-жылдын 1-февралында эле Бишкекке элчилигин ачкан. Андан кийин Түркия жана башка мамлекеттер алака түзө баштаган.

Кийинки суроо


Орусия
Түркия
Казакстан
АКШ

Франциянын эгемендүүлүк күнү катары 14-июль - француз көтөрүлүшчүлөрүнүн Бастилияны алган күн эсептелет. Бул окуяга чейин Бастилия имараты кандай кызмат аткарып келген?

Бастилия чеби түрмөкана милдетин аткарып, анда саясий негизде камакка алынгандар кармалган. Ошондой эле ал жерде көтөрүлүш учурунда падыша аскерлеринин куралына керек болгон дарылары сакталган.

Кийинки суроо


Падышанын үйү болгон
Түрмөкана кызматын аткарган
Француз падышачылыгынын негизги армиясы жайгашкан
Азыктар сакталчу имарат болгон

Учурда канча мамлекет Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө?

1945-жылы 50 мамлекеттин өкүлдөрүнүн макулдугу менен түзүлгөн аталган дүйнөлүк эң чоң уюмда учурда 193 өлкө мүчө.

Кийинки суроо


193
195
185
197

Кытай Эл Республикасын негиздеген саясатчыны белгилеңиз?

Кытай Эл Республикасы 1949-жылдын 1-октябрында Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин төрагасы Мао Цзэдундун жетекчилиги астында негизделген. Ага чейин аталган өлкө СССР менен АКШнын таасири астында экиге бөлүнүп келген.

Кийинки суроо


Сунь Ятсен
Мао Цзэдун
Чан Кайши
Дэн Сяопин

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Көз карандысыздык Декларациясын кабыл алган. Ошол учурда Жогорку Кеңештин төрагасы ким болгон?

Медеткан Шеримкулов Кыргыз парламентин 1990-1994-жылдары жетектеп келген. Анын төрагалыгы астында "Легендарлуу парламент" атыккан Жогорку Кеңеш өлкөнүн бир нече мамлекеттик символикаларын кабыл алган.

Кийинки суроо


Абсамат Масалиев
Абдыганы Эркебаев
Медеткан Шеримкулов
Мукар Чолпонбаев

Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүктү алгандан кийинки биринчи борбор шаары?

АКШнын Улуу Британиянын карамагынан чыгарган Көз карандысыздык декларациясы Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында кабыл алынгандыгы үчүн ал жер борбор катары таанылган.

Кийинки суроо


Чикаго
Вашингтон
Филадельфия
Нью-Йорк

Израиль өлкөсүнүн эгемендүүлүктү алышын араб коомчулугу кандай окуя деп атаган?

Араб коомчулугу Израиль араб эли жашаган Палестинанын аймагында түзүлүп, еврейлердин үстөмдүгү астында калыптангандыгы үчүн "катастрофа" деп атап келген. Аталган өлкөнүн түзүлүшү менен араб-израиль согушу да чыккан.

Кийинки суроо


Цивилизация
Катастрофа
Резонанс
Реносанс

Өзбекстан көз карандысыздыктын канча жылдык маарекесин белгилөөдөн баш тарткан?

Себеби Өзбекстан 25 жашка толгон жылы өлкөнү чейрек кылым башкарган Ислам Каримовдун ден соолугу начарлап, Эгемендүүлүк майрамынын эртеси көз жумган. Ошого байланыштуу аталган салтанат белгиленген эмес.

Кийинки суроо


1 жылдык
10 жылдык
20 жылдык
25 жылдык

Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы эгемендүүлүгү жарым-жартылай таанылган мамлекет?

Сербия өлкөсү Косово Республикасын өзүнүн бир бөлүгү катары көрөт. Бирок Косово Сербияга баш ийбей келет. Франция, Улуу Британия, Италия сыяктуу бир топ мамлекеттер Косовону мамлекет катары тааныган.

Кийинки суроо


Ватикан
Мьянма
Косово
Сирия

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун курамынан чыгуу ниетин эң акыркы болуп кайсы республика билдирген?

Казакстан 1991-жылдын 16-декабрында гана СССРден чыгуу ниетин билдирип, көз карандысыздыкты алган. Ал эми эң алгачкылардан болуп Литва эгемендикке жетишкен.

Кийинки суроо


Беларусь
Тажикстан
Казакстан
Латвия

Улуу Британия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өз колонияларынан кол жууй баштаган. Аталган империянын карамагынан эң алгач кайсы өлкө чыгып кеткен?

Улуу Британиядагы 1945-жылы болгон парламенттик шайлоодо колониялык саясатты колдобогон лейбористтер партиясы жеңип чыгат. Алардын өкмөтү көз карандысыздыкты талап кылып, көп жылдан бери көйгөй жаратып келген Индияга эркиндик берүүгө убада берет. Ошентип Индия 1947-жылы эгемендүүлүккө жетишет.

Кийинки суроо


Индия
Малайзия
Нигерия
Австралия

Америка Кошмо Штаттары 1776-жылы эгемендүүлүккө жетишкен. Аталган өлкөнүн расмий тили кайсы?

АКШда 300 миллиондон ашык адам жашайт. Алар ар кандай улуттун өкүлдөрү болгондуктан түрдүүчө тилдерде сүйлөшөт. Айрым штаттарында гана англис тили менен испан тили расмий статуска ээ. Бирок жалпы өлкөдө расмий статус алган тил жок.

Кийинки суроо


Испан тили
Расмий тили жок
Англис тили
Француз тили

Калкынын саны 40 миллиондон ашык болсо да эгемендүүлүккө жетпеген элди көрсөтүңүз...

Күрддөр Түркия, Иран, Ирак, Сирия жана башка өлкөлөрдө жашашат. Айрым маалыматтарга караганда, алар Түркиянын калкынын 20 пайызын түзөт. Күрддөр көптөгөн жылдардан бери өз алдынчалыкты талап кылып келишет. Алар быйыл болгон Түркиянын президентин шайлоодо да өз талапкерлерин көрсөтүштү.

Кийинки суроо


Цыгандар
Күрддөр
Уйгурлар
Каталониялыктар

Япония 11-февралда Эгемендүүлүк майрамын белгилейт. Аталган датада кандай окуя болгон?

Император Дзиммунун тактыга отурган күнү Эгемендүүлүк майрамы катары белгиленип келет. Дзимму биздин заманга чеийнки 660-жылы алгачкы Япония империясын негиздеген.

Кийинки суроо


Биринчи император тактыга отурган күн.
Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилип, кайрадан эркиндик алган күн.
Биринчи император туулган күн.
Акыркы император туулган күн.

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
31.08.2018. 21:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
01-06-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 04:05
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ииий уят эле. Коп нерсени билбейм экенмин
01.09.2018. 01:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
08-05-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
14 балл
01.09.2018. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
27)))))
01.09.2018. 03:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
26-07-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
0
35 бал
01.09.2018. 08:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
907
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 11:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
0
67 балл
01.09.2018. 11:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
13-04-2015
Соӊку аракети:
03-10-2018 10:18
Жынысы:
Белгисиз
0
54
01.09.2018. 18:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:19
Жынысы:
Белгисиз
0
40 балл болду
02.09.2018. 04:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
23-05-2015
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош
0
14
02.09.2018. 05:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-06-2018
Соӊку аракети:
12-10-2018 23:13
Жынысы:
Белгисиз
0
80
12.09.2018. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
13-06-2014
Соӊку аракети:
15-10-2018 02:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Уят эле 27 балл эч нерсе билбейт экем.
14.09.2018. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-06-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 11:25
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл. Ураааа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117643;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: