super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков өлкө кайсы уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрө турганын айтты (куттуктоо тексти)

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

"Бүгүн улуу салтанат. Элибиз эзелтеден эӊсеп келген эркиндикке жеткен күн. Улутубуздун үмүтү, тилеги, мүдөөсү ишке ашкан күн. Өз алдынча мамлекет болуп, дүйнө цивилизациясында, адамзаттын улуу көчүндө өз ордубузду таптык деп туу көтөргөн күнүбүз.

Эркиндик эч качан белекке берилбейт, эркиндик эч качан тартууланбайт, ал күрөш менен келет. Бүгүнкү улуу күн үчүн, эркиндик үчүн ата-бабалар кылымдар бою тынымсыз күрөшүп келди. Эгемендүүлүк үчүн эчендеген эр азаматтар өз өмүрүн арнады, башын канжыгага байлады.

Азаттыкты эӊсеп, эркиндикти көкүрөктө сактап жүрүп ушул күнгө жеттик. Эркиндикти сүйгөн рух кылымдардын сынагынан өтүп, муундан муунга мурасталган дөөлөт болду. "Манас" эпосунда айтылгандай "Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү эл, өксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журт" болдук.

Жүрөгүндө оту, жүлүнүндө намысы бар кыргыз баласы үчүн эркиндик каны менен кошо айланган, көөнөрбөс баалуулук экенин тарых дагы далилдеп турат. Өлкө акыркы чейрек кылымда эки элдик революцияны башынан өткөрдү. Мамлекеттин тагдырына эл кайдыгер болбой, ата-бабалардын улуу жолун улаган коом үчүн, адилеттүүлүк үчүн улуу күрөшкө жан аябаган эл экенин далилдеди. Кыргыз элинин эркиндиги үчүн канын төгүп, шейит болгон баатырларыбызды бүгүн терең таазим этип эскеребиз.

Жараткандын амири менен эгемен мамлекетте, эркин коомдо жашоо мүмкүндүгү — биздин муундун тагдырына туш болду. Бүгүн белгилеп жаткан 27 жыл — бул тарыхтын өлчөмүндө анча деле көп эмес убакыт. Бирок биз мааниси жагынан кылымга тете мезгилди басып өттүк. Дүйнөлүк коомчулукта өз ордубузду таптык. Кыргыз мамлекети эл аралык аренада толук кандуу таанылган мамлекет болду. Эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен, аймактык жана дүйнөлүк интеграциялык процесстердин теӊ укуктуу катышуучусу болдук. Эми улуу жолду улантып, эгемендикти эӊ бийик дөөлөт катары аздектеп, эркиндикти көздүн карегиндей сактап, урпактарга жеткирүү — биздин милдет.

Жүрөк түпкүрүндө сактаган мекенчилдигибиз, ата-бабалардын элеси алдындагы милдетибиз, азаттыкты баарынан жогору баалаган рухубуз — бизди алдыга сүрөйт, дем берет. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн өлкөдөгү тынчтыктын, улуттар арасындагы ынтымактын баркын сезип, мамлекеттүүлүгүбүздү коргоп, биримдигибиздин туусун бийик кармайлы. Ар бир Кыргыз жараны үчүн бул асыл максат болушу абзел".

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсү — ар бир жарандын мекенге болгон патриоттук сезимине байланыштуу экенин белгиледи.

"Коомубуздун укуктук негизде жашоосу, ар бир адамдын жарандык укугун бийик коюу, адамдык баалуулактарды бекем сыйлоо — биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи. Өлкөнү узак мөөнөткө өнүктүрүү концепциясында адамдык капитал — өнүгүүнүн негизги ресурсу катары алдыга чыкты. Бул ресурс ишке кириш үчүн адам эркиндиги, ишкерликтин эркиндиги, чыгармачылыктын эркиндиги зарыл. Бардык тармакта эркин атаандаштык орнотулат. Эркиндиктин өзү — мамлекетти өнүгүүгө алып келчү ресурс катары бааланат. Эркин адамдардын экономикалык жана саясий укуктары корголот. Менчикти сактоо, эркин ишкердикти жүргүзүү, инвестицияларды коргоо кепилдиги орун алат. Биздин өлкөдө эркин шайлоо укугун камсыз кылабыз. Мына ошондуктан мамлекеттик башкаруудагы демократиялык принциптерди тереӊдетебиз", - деп белгиледи президент.

Эл үчүн таза кызмат өтөө, коррупциядан алыс болуу — бийлик органдарынын маӊызын аныктаган башкы максат экенин белгиледи өлкө башчы. "Бийликтин бардык бутактары дайыма элдин үнүн угуп, коомдун талабын сезип турушу — Кыргыз өлкөсүндө да адаттагы эле көрүнүш болот", - деди Жээнбеков.

"Жалпы элдин талабын ишке ашырып жаткан президент катары мен бийлик системасындагы ушул өзгөрүүлөрдү камсыз кылам. Бул менин негизги милдетим! Биз эркин коомдо иштеп, жашаган эркин адамдардын өлкөсүбүз. Эгемендик биз үчүн ар бирибиз аркылуу ыйык корголгон улуу баалуулук. Кыргыз Республикасы — инсандын эркиндиги, адамдын экономикалык жана саясий эркиндиги баарынан жогору турган өлкө. Биз биргеликте жашоого, эмгектенүүгө, балдарды тарбиялоого ыңгайлуу коомду түзөбүз. Биз өлкөбүздүн жана балдарыбыздын келечеги ар бирибизден көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек", - деп белгиледи ал.

"Биз коңшу өлкөлөр менен болгон достук мамилелерди баалайбыз. ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу интеграциялык биримдиктердеги бардык өнөктөштөр менен конструктивдүү саясий-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын ыйык сактап, Батыштын да, Чыгыштын да өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелерди тереңдетебиз", - деди Жээнбеков.

Ал максаттарга жетиш үчүн өлкөдө тынчтык, коомдо туруктуулук, элдердин ортосунда достук болушу керектигин белгиледи.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117460;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: