Депутат Сайдулла Нышанов: "Экс-президенттер, белгилүү аксакалдар чоң мааракелерге катышып койсо жакшы болмок"

Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жооп берди.

Ал экс-президенттер, белгилүү аксакалдар ушундай мааракелерге келип катышып койсо жакшы болмок деген оюн айтты.

"Атамбаев ден соолугуна байланыштуу Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге катыша албайт" деген маалымат чыкты. Ошондой маалымат чыгып жатса, ал ден соолугуна байланыштуу эле келген жок деп ишенишибиз керек. Ден соолугу жакшы эмес болсо катыша албайт да. Оорубаса, анда катышып койсо жакшы болмок. Экс-президенттер, белгилүү аксакалдар чоң мааракелерге катышып коюшса туура болот эле. Алардын иш-чарага катышканы Кыргыз мамлекетинин ынтымагына, өсүшүнө жакшы үлгү болот", - деди Нышанов.

Саясатчы Адахан Мадумаров, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Осмонакун Ибраимов, жарандык активист Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан