Астротөлгө: 1-сентябрь күнү төрөлгөндөр идеяга бай болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

1-сентябрь күнү төрөлгөндөр карьера жаатында ийгиликтерге жете алышат. Ар бир жасаган ишине жан дүйнөсү менен берилип мамиле жасоо менен ийгиликтин тепкичтерин акырындап багындырып отурат. Анын колунан жаралган ар бир нерседен анын жан дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу сезимдерди, талантын жана өз ишин сүйгөн адам экендигин көрүүгө болот. Башкаларга караганда бир аз сабырсыз келип, көп учурда бир ишти жасап алып кийин ойлонушат.

Бул күнү төрөлгөндөр жаңы идеяларды көтөргөндү жактырышат. Дүйнө таанымынын кеңдигин анын идеяларынан байкоого болот. Алдыга максат коюп, ал үчүн тынбай аракеттенишет, бирок өзүнүн жеке кызыкчылыгын башкалардыкынан жогору коюу аларга жат көрүнүш. Андыктан бул күнү жарык дүйнөгө келгендер эң мыкты дос, ишенимдүү түгөй боло алышат.

Ден соолугуна аяр мамиле кылып, жумуштан тышкары убак убагы менен эс алып турууну адатка айланткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан