Астротөлгө: 2-сентябрь күнү төрөлгөндөр табиятка жакын болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

2-сентябрь күнү төрөлгөндөр жылдыздуу, мамилечил жана сылык болушат. Аарыны тузга караганда бал менен кармаган оңой деген принципти карманышат. Андыктан адамдардын көңүлүн таап өз тарабына тартуу менен атаандаштарынан чыр-чатаксыз ашып өтөт.

Адамдагы эки жүздүүлүктү жек көрөт, табигый сулуулукту баалап, искусствону экинчи орунга коёт. Жаратылыштын мыйзамдарын бузбоого бардык күч-аракетин жумшайт.

Бул күнү төрөлгөндөрдүн кемчилиги катары ар дайым өз катачылыктары үчүн кечирим суроону жактырбаганы эсептелет. Мүнөзүн сындагандар үчүн көңүл бөлүп убара болбойт.

Карьерасында кыйынчылыктарга туш болсо, өз убагында жолун таап абалды өзгөртүп кетүүгө жөндөмдүү келишет.

Жеке жашоосунда адамдын ишенимин колдонгон шылуундардан алыс болууга аракет кылат. Ачуулуу, ошол эле учурда берешен болушат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан