Бишкекте жаңы курулган борбордук мечит ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте жаңы курулган борбордук мечит ачылды. Анын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков менен Кыргыз жерине расмий иш сапары менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Сооронбай Жээнбеков мечиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө бул мечит, Кудай буюрса, жалпы момун мусулмандар чогулуп, Жаратканга сыйынып, жакшылыктарды тилеген жерге, ыймандын очогуна айланарына ишеним артты.

"Мечитибиз - Кыргыз мамлекетинин диний борбору гана эмес, калаабыздын көркүнө көрк кошкон кооз архитектуралык комплекстердин бири болот. Бул долбоорду түрк тарабы каржылап, курулуш ишине Түркиянын эң мыкты архитекторлору, инженерлери жана курулуш компаниялары катышты. Өзүмдүн жана Кыргыз элинин атынан боордош Түркиянын элине жана куруучуларга терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.
Жээнбеков азыркы учурда эл аралык масштабда, мусулмандарга тиешеси жок, жалган сапаттарды жабыштырып, исламдын баалуулуктарын туура эмес чагылдырып, элге бурмаланган көз карашты таӊуулоо аракеттери болуп жатканын белгиледи.

"Биздин коомдо мындай ыплас идеология тарап, жалган маалымат жайылып, жарандарыбыз арасында туура эмес түшүнүктөр пайда болушуна жол бербешибиз зарыл. Дин чөйрөсүнө кылдат мамиле кылып, дин саясатын ырааттуу жүргүзүү керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгы теӊ дин эркиндиги менен заманбап өнүгүүнү ийкем айкалыштыруу жолу менен ийгиликке жеткен. Биздин коомубуз азыркы илимий-техникалык жетишкендиктерди үйрөнүү менен дин тутуу эркиндигин ийгиликтүү айкалыштыруусу абзел", - деди Жээнбеков.

20 миңге чейин адам бата турган бул мечиттин курулушу 2012-жылы башталып, быйыл аягына чыкты. Ага Түркиянын "Дианет" фондусу тарабынан каражат бөлүнүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Maero
2018-09-02 13:35:06
Тилфонго болсо да, мечиттин ичи-тышын тартып койсонор болмок. Кайдагы болбогон той, туулган кунго окшогон нерселерди видео репортаж кылганды билесинер!
+26
Tolkun555
2018-09-02 13:37:36
Куттуу болсун Алла ыраазыболсун
+15
erlan2196
2018-09-02 15:17:44
Ислам дини эл арасында арабтардын каада салтын жайылтуу максатында иштебеш керек эле. Бирок бугун саясатташкан ислам аркылуу жаштарды динден башкасын баарын харам кылып коргозуу максатында иштеп жатат.
-10
filis
2018-09-02 15:34:22
Динге бекем байланып жашаган элде жаны цивилизациянын онугушу кыйын. Адамдар ар дайым бир гана динди тегеренип журо береери чындык. Жана адамдардын эркин ой жугуртууго диний тыю салуулар, чектоолор туболук тоскоол болуп турат.
-3
pat12
2018-09-02 15:51:31
Азыркы ислам Кыргызстандагы светтик баалулуктарды суруп чыгарып, ордуна арабтардын салтын орнотуш учун иштеп жаткандай. Элдин ан сезимин исламдаштырбаш керек.
-8
yrmat88
2018-09-02 17:08:54
Дин сонун экен деп 1000 жыл мурунку жашоого кайтып кереги жок. Азыркы биздин молдолор 1500 жыл мурунку жашоону мактап ошол жашоого алып бара жатышкан жокпу?
-8
sumramnur
2018-09-03 05:47:12
yrmat88, эгер билсен азыркы илимдердин тубу куранда, ошол эле медицина, астрономия, педагогика жана башка илимдердин башаты ислам. Куран корсоткон жошоону тутунганыбызда, мамлекетибиз ото онуккон мамлекет болмок. Жашообуздагы баалуулуктарды акчага, байлыка, мансапка алмаштырбай, руханий дуйнону, ички мунозду, уй було, ата энени, мекенибизди, келечек урпакты биринчи орунга коймокпуз. Ошондо га олкобуз 1000 жыл алдыга кетмек, тууганым.
+2
CEO1
2018-09-03 05:59:16
sumramnur,
Исламдын туз жолунда жургон араб олколору 18-кылымга чейин жакыр эле жашап келишкен, Жакынкы Чыгышта жер аллынан нефтинин ири запасы табылбаса, арабдар жакыр бойдон журо беришмек, тоого куну тушуп...
-2
sumramnur
2018-09-03 12:17:29
CEO1, демек аларга исламды туу туткандыгы учун Аллах берди ошол нефтини. Кыргызстан да келечекте алдынкы олкого айланышын Алладан сурайм.
+2
Ali-han
2018-09-02 17:19:06
Чубак ажыкебиз көрүнбөйт го
+4
meni_kut
2018-09-02 18:56:34
Дин душмандары абайлап жазгыла,ар бир созго жооп беруу бар.Жазат десе эле жаза бербей.
+6
Eli.91
2018-09-02 20:31:14
Бироону каралоо бул жакшы корунуш эмес!жанада озунор кандай Адам экенинерди билгизесинер,эмне кереги бар бироону жамандоонун,силер жонундо ушундай жаман суйлогондо сотко берип ондурчуунорду ондоуруп алмаксынар,силерге андай кылбаганга рахмат дегиле.
+4
fora
2018-09-02 23:24:50
Тенирчилер капырлар ичинер куйп атыптырда Мусулмандардын мэчитин коруп Аллах раазы болсун мечит салгандарга
+9
bekub1473kg
2018-09-03 00:21:07
Аллах разы болсун ким салым кошкон болсо аябай жакшы коз экен мен мекениме барсам созсуз барып ибадат кылып келем айланайын мекенимден сени абдан сагындым
+2
Aima94
2018-09-03 11:01:21
Очень красиво. Сонун мечит го. Жибек жолундагы мечитби? Салынып бүтпөй канча жылдан бери
+2
Bekzamann
2018-09-03 11:19:05
Маашалах кандай керемет сонун мечит!!! Менда ниет кылдым ушул мечитке барып Аллахка ибадат кылганды...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан