III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде миң адам манас айтты

2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи башталды.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына конок катары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышып жатат.

Ошондой эле ачылыш аземине өлкөбүздүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде өтөт.

20:10. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи орун алууда. Учурда сахнада лазердик шоу орун алууда.

20:17. Учурда театрлаштырылган көргөзмө орун алууда. Көчмөндөр оюндарына президент Сооронбай Жээнбеков, Казакстандын, Түркиянын, Татарстан Республикасынын өлкө башчылары, Венгриянын премьер-министри жана БАЭге караган Фужейра Эмирлигинин мураскер ханзаадасы күбө болуп жатат.

20:25. Сахнага 60ка жакын жигит ат менен чыгып, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Эл алдына атчан жоокер келип, аргымагын эки бутуна тургузуп эл менен учурашып өттү.

20:35. Сахнага 100гө жакын боз үйдү алып чыгышып, көчмөндөрдүн тарыхына байланыштуу көргөзмө орун алууда.

20:40. Каскадёрлор тобу элдин назарына ат үстүндөгү ар түрдүү кооз ыкмаларды көрсөттү.

20:43. Учурда сахнада кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлүүдө. Алардын алгачкысы кыз куумай болсо, аягында кыргыздын эр эңиш оюну көрсөтүлдү.

20:55. Сахнанын башкы бетине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элеси чагылдырылып, театрлаштырылган көргөзмө орун алууда.

20:58. Кезек кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарына келди. Анда алгач ооз комуздун обону жаңырып жатат. Сахнага ооз комуз менен 500гө жакын кыз-келин чыгып, өнөрлөрүн тартуулашууда. Андан кийин комуз чертилди.

20:59. Бир учурда миң адам "Манас" эпосунан үзүндү айтты.

21:09: Сахнага катышуучулар чыга баштады. Алгач Ооганстан, андан кийин Антигуа жана Барбуда чыкты.
Аргентина, Армения, Австрия, Азербайжан, Беларусь, Бразилия, Болгария, Камерун, Канада, Чили жана Кытай чыкты.

21:14. Чехия, Франция, Эквадор, Грузия, Сальвадор, Германия чыкты.

21:15. Эстония, Финляндия, Индия чыкты. Гана, Иран, Индонезия чыкты.

21:17. Израиль, Италия, Япония, Казакстан Иордания чыкты.

21:19. Монголия, Иордания, Кувейт, Латвия, Литва, Мадагаскар чыкты.

21:22. Польша, Непал, Пакистан, Непал, Орусия чыкты.

21:23. Түштүк Корея, Молдова, Румыния, Сербия чыкты.

21:26. Сьерра Леон, Словакия, Сингапур, Түштүк Африка Республикасы, Тажикстан, Сирия чыкты.

21:28. Түркмөнстан, Уганда, Украина, Улуу Британия, Таиланд, Тунис, Түркия чыкты.

21:30. Бириккен Араб Эмираттары, АКШ, Өзбекстан, Танзания чыкты.

21:32. Кыргыз мамлекети чыгып келе жатат. Тууну улакчы Манас Ниязов алып чыкты. Делегациянын башында Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев болду.

21:37. Муну менен парад жыйынтыкталып, сахнага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков чыгып келе жатат.

21:38. Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп баштады. Өлкө башчы көчмөндөр оюндарына келген көрөрмандар менен учурашып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканына ыраазы экенин айтты.

21:40. Жээнбеков Казакстандын, Түркиянын, Татарстан Республикасынын президенти, Венгриянын премьер-министри жана БАЭге караган Фужейра Эмирлигинин мураскер ханзаадасына ыраазычылыгын билдирди.

21:45. "Биздин спортчулар көчмөндөрдүн күчүн Азия оюндарында көрсөттү, кубанычтабыз" деди Жээнбеков.

21:47. Президент Сооронбай Жээнбеков III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыялады. Учурда Кыргыз мамлекетинин гимни жаңырып жатат.

21:55. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи соңуна чыкты. Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга ийгилик каалады.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл жергесинде өтүп, спорттун 37 түрүнөн мелдештер жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн 79 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу келди. Иш-чара 8-сентябрда аягына чыгат.

Биринчи жана экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көл жергесинде өткөрүлгөн.


Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен толкунданткан учурлар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Firdaus-Muslim
2018-09-02 22:15:57
||| Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи эң сонун, эң жогорку деңгээлде өтүү!

Кыргыз элиме ийгилик каалайм.
+8
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2018-09-02 22:57:35
Эн соонун, эн кооз денгээлде отту. Козубузго жаш алып суктанып кордук. Азаматсынар. Даярдык соонун болуптур.
+4
Pandora
2018-09-02 23:03:26
79 олко катышып жатканы мени аябай кубантып жатат.Демек Кыргыз элимди 79 олко жакындан таанып жана алардын жанындагы олколор да жакындан таанып билгенге чон мумкунчулук болуп жатат.Канча коп олко билсе ошончолук туристтердин кызыгуусу артат.
Элиме ийгилик!!!
+6
zhaku2017
2018-09-02 23:07:54
Жараткан Тенирим Кыргыз жерине кут, береке берсин. Манас Атабыздын арбагы колдоп, Ала-Тообузда ар дайым Манастын духу руху жашасын. Манасчылар жашасын. Кылымды каарыткан Кыргызды кыргыз кылып жараткан Тенирибизге шугур.
-3
Pandora
2018-09-02 23:39:37
zhaku2017,Кайсыл иениринди айтып жатасын?!
-4
aikokul14
2018-09-02 23:08:59
Биздин оюнчуларга ийгилик каалап кетели,быйыл да биринчиликти бербегиле!
+7
pat12
2018-09-02 23:18:17
Кыргыз элим Манастан таалим алып жашайбыз. Манас Атабыз журогубуздо, акылыбызда, ички дуйнобуздо жашасын. Ар дайым Манас Атабызды пир тутуп, туу которуп колдоочубуз болсун.
-4
orxidey
2018-09-02 23:26:45
Соонун боллуптур ачылыш заманбап технология менен азаматсынар уюуштуруучулар.
+6
Azat.97
2018-09-02 23:51:47
Бул оюнду моюнга алышыбыз керек Алмазбек Шаршенович баштап кеткен
+2
aslan_akjol89
2018-09-03 08:46:21
Azat.97,турк тилдуу элдердин саммитинде кочмондордун цивилизациясын онуктуруу боюнча соз болуп,оюндарын,маданиятын унутта калтырбай сактоо маселеси которулгон.Ошол жерде А.Ш.А мен откором биринчи деп балп эткен.Идея башкалардыкы.
-2
madina.87
2018-09-02 23:57:38
Сыймыктанабыз, Кыргызстандын кооз жерлери менен!!!
Сиңдим да ачылыш аземине катышып,манас айткандардын катарында.
+2
Fortuna1987
2018-09-03 00:38:55
2) Атамбаев барса, Назарбаевтин бетине кантип карады экен?
2) Быйылкыга мурдагы жылкыдай тан калган жокмун.
3) "Кочмондор оюнунун кереги жок" деп жаткандар озулору кошулуп, толкундана коруп жатышат эми.
Маданиятты деле онуктуруп коелу да. Буюрса жабылышы мындан сонун болот деп умуттоном. Былтыр Нурайым Азыкбаева жолдошу менен комуз менен скрипканын айкалышы сонун болгон. Быйыл да жаны ачылыштарды кутобуз.
+6
Aigerim.95
2018-09-03 01:21:34
Эн сонун. Даярдыктар жана Сооронбой Шарипбекович президентибиз. Кыргызымдын жаратылышынын кооздуга суктанып буто албайбыз го. Бейиштин гана тору да.
+2
Makkambaev97
2018-09-03 02:03:57
Не кереги бар мин Манастын
0
Luna15
2018-09-03 05:03:08
Эл кыйналвп турганда не кереги бар деген туура эмес,эл 10жыл мурун деле ушундай жашачы оз арабасын озу тартып туура кылышты 79олкодон Эмне деген Адам келди алар жатаканага толошот,тамак ашы болуп атып колдо иштегендерге Бир топ жардам болот башка олкого таанылгандан сырткарысын айтканда
-1
aya88
2018-09-03 08:35:42
Молодцы, тил билген, билимдуу эжекелерибиз коп экен. Англисче шакылдатып суйлоп, которуп да жиберишти.
0
Erik2018
2018-09-03 09:40:54
Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Оюндарыд көрүп жүрөк кубантат. Кыргызстанда жашап жатканыма дагы бир ыраазы болдум. Дүйнө эли эми таңданып чыгат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан