Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбеков 1 айдан бери табылбай жатат
2-августтан бери изделип жаткан Эмилбек Бактыбеков дале дайынсыз. Бул тууралуу анын атасы Бактыбек Темиров SUPER.KG порталына билдирди.
"Уулумдан дале дайын жок. Издештирип жатабыз. Көрүп билгендер деле болбой жатат", - деди Темиров.
Буга чейин Эмилбек Бактыбеков 27-июль күнү Балыкчыдагы аскердик бөлүктөн Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен. Аны 2-августта Бишкек шаарынан тааныштары көргөнүн айтышкан.
Эмилбек Бактыбековду көргөн-билгендер болсо, 0550 93 12 16, 0703 53 50 40 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну атасы Бактыбек Темирбеков өтүнөт.