super.kg logo

Кыргыз жеринин сулуулугуна дагы бир ирет суктанып алыңыз. Сары-Челек жана Кыла-Көлүнөн фоторепортаж

 

Деңиз деңгээлинен 1 миң 878 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек коругун барып жанынан көргөндөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул аймактагы жашоочулар буга чейин аталган корукка баргандардын көпчүлүк бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзгөнүн, акыркы жылдарда өлкөнүн башка облустарынан жана чет элден келген туристтердин да саны көбөйүп жатканын белгилешти.

Түстөрдү айкалыштыруу боюнча жаратылыш мыкты чебер экенине бул сүрөттөргө көз чаптырып ынаныңыз.

Коруктун айланасында Сары-Челек көлүн кошкондо жалпысынан 7 көл бар. Алар: Кыла-Көл, Ийри-Көл, Чөйчөк-Көл, Арам-Көл, Туюк-Көл, Бакалы-Көл. Жергиликтүүлөр билдиришкендей, Сары-Челек көлүнүн жанында "Тоскоол-Ата" мазары орун алгандыктан көлдүн аты дагы Тоскоол-Көл деп аталып калган дешет.

Жогоруда аты аталган көлдөрдүн баарын кыдырып көрүп чыгуу үчүн көп убакыт жана күндөр талап кылынары белгилүү болду. Ошол себептен бул ирет Сары-Челек көлүнө жакын жайгашып, тыптынч жаткан Кыла-Көлүнөн сүрөттөрдү тартуулайбыз. Балык уулоого тыюу салынгандыктан алардын ээн эркин сүзүп жүргөнүн сүрөттөрдөн байкасак болот.

Алыстан жол арытып, алгачкы ирет саякаттап барган адамда "Кайда түнөйм, тамактануучу жайлар барбы?" деген суроолор жаралбай койбойт. Сары-Челек айылында сууну бойлото атайын мейманканалар, конок үйлөр, боз үйлөр бар. Мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша жайды тандап, жайгашсаңыз болот. Күндүз көл жээгинде, таза абадан кере дем алып, суунун мелмилдеген агымына көз салып отургандарды көп эле кезиктиресиз.
 
Сары-Челек көлүнө жакын жерге жайгашам дегендер үчүн да шарттар каралган. Мында жыгачтан салынган конок үйлөр курулган. Бир күн үчүн туристтен 1000 сом каражат алынат. Бирок көлгө жакын жердеги үйлөрдүн саны көп эмес.

Сүрөттө турган аркадан өтүп Сары-Челек коругуна киресиз, анан атайын посттон акча төлөп өтө тургандыгыңызды дагы айта кетели. Чөп чабылып жыйналып жаткан кез. Жолдо бара жатканда булактарды көрүүгө болот. Керемет көлгө алып бара турган жол оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканы да кубандырат.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(7)
04.09.2018. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+13
Бейиш болсо сенче болооор мекеним.
05.09.2018. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+7
соонун жерибиз бар ээ аллага шугур! кола фанталар эле бузуп койотта биздин дасторконду.
05.09.2018. 03:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
+2
Эхх, кандай кооз.
2014- жылы бардым, эми кооздукту Аллахым ушунчалык бериптир, коз жоосун алат. Суктанып бутпойсун. Буйруса ата-энеми алып барам деген ниеттерим бар. Ошол кундор насип этсин...
05.09.2018. 08:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-08-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
===>
+1
Сары-Челек десе 11-классты бутуп атып директордун уруксаты жок тоого ойноп чыгып кеткенбиз Сары-Челекке кийин атестаттарды бербей аябай кыйнаган негедир ошол кундорду эстеп кеттим
05.09.2018. 08:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына биз жашаган керемет айыл.сагындым Сары челек колумду.
Быйыл баралбай калдым.
05.09.2018. 10:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кол болбой эгер кыз болсон, Коз тиймек экен капкачан" (Б.Сарногоев)
05.09.2018. 12:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
466
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Сары Челек бара албадым айылга
Барып калсам барат элем сага да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114449;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: