Кырчын жайлоосуна курулган жаңы дааратканалардын абалы буга чейин катуу сынга алынган. Ал эми ири масштабдагы иш-чаранын уюштуруучулары салтанаттуу ачылыш болгонго чейин абал жөнгө салынарын айткан. Учурда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алган мезгил.
Кырчын жайлоосуна келген бардык меймандар жана катышуучулар 1 сааттан ашуун кезек күтүп кирген ажаткананын учурдагы абалынан сүрөттөрдү жарыялайбыз. Сүрөттө көрүнүп тургандай даараткананын ичи тазаланып, самын, кагаз, таштанды салуучу челек коюлуп, "унитаздын үстүнө чыкпаңыз" деген эскертүү баракчасы илинген.