super.kg logo

Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан сынак өтөт

 

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаарында "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан сынак өтөт.

Сынактын жеңүүчүсү Бишкектеги жолдорду жана бир нече көчө кесилиштеринде видеобайкоочу камераларды орнотуш керек.

23-августта "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны аукцион жолу менен аныктоо үзгүлтүккө учураган. Анда долбоорду ишке ашыруу сунушу үч компаниядан түшкөн: эки жергиликтүү ("Мега-Лайн" жана "Кыргызтелеком") жана орусиялык "Вега" компаниясы. "Мега-Лайн" аталган долбоор үчүн 50 миллиард сомдон ашуун каражат сунуштаганы көрсөтүлүп калган. Бул сумма мамлекет койгон старттык баадан, башкача айтканда, 2,5 миллиард сомдон жыйырма эсе көп болгондуктан, бул жагдайды тендердик комиссиянын төрагасы толук түшүндүрө алган жок. Ал эми "Вега" менен "Кыргызтелекомдун" сунуштары көрсөтүлбөй калган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: