Канат Исаев: "Сот мыйзамдуу чечим чыгара турган болсо акталабыз"

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын ачылышы өттү. Жыйынга Канат Исаев дагы келди.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Ошондон тарта парламент жыйынына катышкан эмес. Ал жаңы сессия башталып толкунданып жатканын айтты. "Сөзсүз түрдө жаңы сессия башталганда толкундатпай койбойт. Көптөн бери көрүшпөгөн депутаттар менен көрүштүк. Буюрса, сессиябызда жаңы ийгиликтер жаралат деген үмүттөр бар. Жыйынтыктар жакшы болсун", - деди Исаев.

Ошону менен катар эле ал соттун чечими мыйзам чегинде чечилсе, бардыгы өз ордуна коюла турганын кошумчалады. "Мыйзамдуу чечим чыгара турган болсо акталабыз", - деди депутат.

18-июлда Канат Исаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан